Нарын: Кара-Кужур дайрасына машина кулап, эки адам чөгүп кетти

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Кужур дайрасындагы көпүрөдөн «Нива» үлгүсүндөгү автомашина кулап түшкөн. Машинанын ичиндеги бир аял менен бир эркек киши окуя болгон жерде көз жумушкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жол кырсыгы Нарын облусундагы Кочкор районунун Ак-Кыя айылында 17-июлга караган түнү катталган.

«Нива» үлгүсүндөгү автомобиль эки жүргүнчүсү менен кошо тоголонуп, көпүрөнүн үстүнөн Кара-Кужур дайрасына кулап кеткен. Ичинде калган аял менен эркек киши чөгүп бараткан унаадан чыга албай ошол жерде каза табышкан.

ӨКМнин Нарын облусу боюнча нөөмөтчүсү Чыңгыз Абдрасуловдун айтымында, куткаруучулар чөгүп кеткен унаанын ичинен эки адамдын сөөгүн алып чыгышкан.

«Каза болгондордун тек-жайы азырынча тактала элек, ошондой эле унаанын көпүрөдөн кулашына эмне себеп болгону иликтенүүдө», — деди ал.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: