ЖМК: Чех президентинин канцелярия башчысы Liglass Trading компаниясына Кыргызстанда ГЭС курууну сунуштаган

Чех президентинин канцелярия башчысы Вратислав Минарж Кыргызстандын президенттик аппарат башчысына Liglass Trading компаниясын сунуштаганы туурасында Neovlivni басылмасына кат түшкөн. Басылманын кабарчылары Жогорку Нарын ГЭСин курууга даярданып жаткан компания «чыгашалуу» экенин жана буга чейин ири курулуштар менен алектенбегенин аныктап чыгышкан.

Кыргызстандын өкмөтү июль айынын башында Жогорку Нарын ГЭСин куруу боюнча чехиялык Liglass Trading компаниясы менен келишимге кол койгон.

Чехиялык басылмалар аталган компания алардын өлкөсүндө белгилүү эмес жана анын кирешеси чыгашасына салыштырмалуу бир кыйла аз экенин жазышууда.

Neovlivni басылмасынын журналисттери ачыктагандай, Чехия президентинин канцелярия башсчысы Вратислав Минарж Кыргызстандын өкмөтүнүн алдында аталган компаниянын «кызыкчылыктарын» коргоп аны сунуштаган.

Кыргызстандын президентинин аппарат башчысы Сапар Исаковго жазылган катта анын чехиялык кесиптеши Liglass Trading фирмасын «Европада өзүн жакшы көрсөтө алган» компания деп атаган.

«Чехиялык компания өзүн бир гана Чехияда эмес Европа базарында дагы жакшы көрсөтө алган. Биз алар менен туруктуу жана узак мөөнөттүк кызматташ болосуңар деп ишенебиз», — деп жазган Минарж.

Бирок Actualne басылмасы жазгандай, Liglass Trading компаниясы Чехияда белгилүү эмес. Фирманын соода-сатык ишмердиги 2014-жылы 345 миң чех кронун түзгөн (15 миң доллар), ал эми ошол эле учурда Жогорку-Нарын ГЭС каскадын курууга 400-700 миң АКШ доллары керектелет.

«Бүгүн мен мындай компания бар экенин биринчи жолу уктум», — деди Чехиянын өнөр-жай жана соода министри Жери Хавличек.

Ошондой эле Actualne басылмасынын журналисттери Liglass Trading компаниясы катталган дарек боюнча барып көрүүнү чечишкен, бирок ал жерде алар каралбай калган, үстүнөн суу тамчылаган имаратты көрүшкөн.

Сүрөт: Aktuálně.cz.

Учурда Liglass Trading компаниясынын расмий сайты иштебей «оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат» деп жазылган.

Ал эми чех президентинин канцелеярия башчысы Минарж аталган компанияны Сапар Исаковго сунуштаганын жана ал катта өзүнүн жеке кызыкчылыгын жашырган эмес. Ошондой эле ал эмне себептен Liglass Trading компаниясын сунуштаганын төгүндөгөн жок.

Кыргыз өкмөтү Liglass Trading фирмасы менен июль айынын башында Жогорку Нарын ГЭСин куруу боюнча келишимге кол койгон. Компания 2003-жылы Чехияда түзүлгөн. Алардын расмий сайтында, Liglass Trading күн нурунан кубат чыгарган жана гидроэлектрстанцияларды кураары жазылган.

Жогорку Нарын ГЭСнин курулушу Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдин негизинде 2012-жылы башталган.

Кыргызстан 2015-жылы келишимди жокко чыгарып, жаңы инвестор табууну чечкен. Анда Алмазбек Атамбаев Орусияда күйүүчү майга болгон баа түшүп жаткандыгынан улам алардын экономикасы «төмөндөп», аталган ири объекттерди куруп бере албастыгын айкан.

Орусия өз кезегинде келишим бир жактуу жокко чыгарылганы үчүн Кыргызстандан кун төлөп берүүнү талап кылган.

Сүрөт: Aktuálně.cz.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: