«Ата Журт» Ташиев менен Келдибековдун талапкерлигин президенттикке көрсөттү

«Ата журт» партиясы президенттик өнөктүккө дароо эки талапкерди чыгарды. Алар: мурдагы депутат Камчыбек Ташиев менен мурдагы парламенттин спикери Ахматбек Келдибеков.

«Ата журт» партиясынан биринчи талапкер болуп мурдагы депутат жана партия башчысы Камчыбек Ташиев чыкты. Сот 2013-жылы Ташиевди жана анын тарапташтарын митинг учурунда Ак үйдүн тосмосунан секирип өткөндүгү үчүн бир жарым жылга эркинен ажыраткан.

Ал 2015-жылы соттолгондугун жойгондон кийин мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен «Республика-Ата журт» партиясынын алдында биригип парламенттик шайлоого катышкан.  

Бирок шайлоо алдында Борбордук шайлоо комиссиясы Ташиевдин талапкерлигин жаңжал үчүн алып таштаган. Анда «Республика-Ата журт» партиясынын тең төрагасы Ташиев Жалал-Абадда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкерди сабап салганы айтылган.

Ал эми экинчи талапкер катары парламенттин мурдагы спикери жана мурдагы депутат Ахматбек Келдибеков чыкты. Былтыр Жогорку сот Келдибековду коррупция жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлөп, ага 10 миллион сом өлчөмүндө айып таккан.

Келдибеков 2016-жылдын ноябрь айында айыпты төлөгөн, ал эми анын соттолгондугу ушул жылдын ноябрь айында жоюлат.

Мыйзам боюнча сот жообуна тартылган талапкер шайлоого катыша албайт. Боршайкомдон Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, Келдибековдон талапкерликке каттоо арызы түшкөндөн кийин алар бул маселени карашат.

Ал эми Келдибеков өзү президенттик шайлоого катышууга мыйзамдуу укугу бар экенин жана соттолгонуна карабастан талапкерлигин коё турганын билдирди.

Учурда азыркы КСДП президенттик партиясынын атынан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана коррупцияга шектелип убактылуу абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевди кошкондо жалпы 30 киши президенттикке талапкерлигин коюшкан.

Ал эми президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: