Бабанов шайлоо өнөктүгүнө 5 миллион сом жумшап койду

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов президенттик кызмат үчүн шайлоо кампаниясына 5,7 миллион сом сарптады. Бул сумма башка талапкерлер коротуп жаткан каражаттын өлчөмүнөн беш эсе көп.

Борбордук шайлоо комиссиясынын талапкерлердин күрөө фондуларындагы каражаттардын айланышын караган отчетуна ылайык, Бабановдун эсебине 12 миллион сом түшкөн.

Мурдагы премьер-министр 17-июлга карата маалыматта 5,7 миллион сом акча короткон, бул которулган акчанын жарымы жумшалганын билдирет.

Боршайкомдун өкүлү Гүлнара Баатырова Kloop.kgге курган маегинде, Бабанов кол топтоочулардын, канцелярдык товардын, уюштуруу техника жана полиграфия кызматтарынын акысын төлөп берген.

Башка талапкерлер дагы өздөрүнүн күрөө фондуларынан каражаттарды сарптай башташкан.

«Ак шумкар» партиясынын башчысы жана мурдагы премьер-министр 700 миң сом, ал эми «Кыш болбойт» меминин автору жана жеке ишкер Арстан Абдылдаев 190 миң сом коротушкан.

Ошондой эле укук коргоочу Рита Карасартованын фондуна 35 миң сом түшүп, анын ичинен шайлоо кампаниясына 16 миң сом сарптаган.

Бирок талапкерлер фонддорунан каражаттарды жумшай баштаганы менен Боршайком талапкерлер тарапкерлеринен 30 миң кол топтогондон жана шайлоонун күрөө фондуна 1 миллион сом төлөшкөндөн кийин гана 31-августтан баштап каттоого алат.

Учурда азыркы КСДП президенттик партиясынан атынан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана коррупцияга шектелип убактылуу кармоочу жайда камакта отурган оппозициячыл Өмүрбек Текебаевди кошкондо жалпы 30 адам президенттикке талапкерлигин коюшкан.

Ал эми президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: