Бийлик «экстремисттик материалдар» үчүн «Интернет архивди» бөгөттөдү

Дүйнө жүзүндөгү электрондук материалдарды сактаган ири archive.org интерент сайты «экстремисттик мүнөздөгү материалдар» үчүн Кыргызстанда тосмолонду.

Homeline интернет провайдери аркылуу archive.org сайтына кирүүгө аракет кылган учурда «жеткилик жок» деген жарыя чыгууда.

«Жеткилик бөгөттөлгөн. Аталган барак УКМКнын жана Мамлекеттик байланыш агенттигинин буйруктары жана соттун чечими менен бөгөттөлгөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Megaline интернет провайдеринин сайтында «Бөгөткө алынган булактар» бөлүмүндө Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен «Интернет архив» үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда тосмого алынган деген түшүндүрмө бар.

Ушул эле чечим менен дагы сегиз интернет булак тосмого алынган, алардын арасында шилтемелер аркылуу маалымат бөлүшкөн JustPaste интернет сайты дагы бар.

Мамлекеттик байланыш агенттигининин атын атагысы келбеген өкүлү Kloop.kgге курган маегинде, «Интернет архив» «экстремисттик мүнөздөгү материалдарды» сактаганы үчүн тосмолонгон.

«Сайтты тосмодон алуу үчүн алар өздөрүнүн барагынан экстремисттик өңүттөгү материалдарды өчүрүшү керек. Бирок андай кылуу мүмкүн эмес болушу керек, анткени аталган ресурска качандыр бир кезде бирөөлөр жарыялаган экстремисттик материалдар чогулуп калган жана мындан ары дагы толуктала берет», — дешти Байланыш агенттигинен.

Күч түзүмдөрү 2017-жылдын январь айынан баштап сайтты Кыргызстандын аймагында биротоло бөгөткө алуудан мурда «Интернет архивдин» өзүнчө бир баракчаларына кирүүгө жеткиликти жапкан.

Январь айынын экинчи жарымында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту archive.org сайтынын өзүнчө барактарын тосмого алуу боюнча үч чечим чыгарган.

Бул боюнча УКМКдагалар комментарий берүүдөн баш тартышты.

Орусия archive.org сайтын «Ислам мамлекетинин» экстремисттик мүнөздөгү видео тасмасын жарыялагандыгы үчүн 2015-жылы тосмого алган. Бирок иш жүзүндө интернет булак бир жылдан кийин бөгөттөлгөн.

Ошондой эле 2016-жылы аталган сайтты Казакстандын аймагында дагы тосмого алышкан, бирок кандай себептерден улам бөгөттөлгөнү боюнча «Казактелеком» түшүндүргөн эмес.

Archive.org аркылуу көптөгөн интернет булактарынын ар кайсы убакта жарыялаган материалдарын көргөнгө болот. 2016-жылы аталган сайт кеңири аудиторияга жеткиликтүү болуп, 15 миллиард мегабайт материалды сактаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: