Кыргызстандыктар Казакстандын аймагында каттоосуз 30 күн жүрө алышат

Кыргызстандыктар 15-июлдан тартып Казакстандын аймагында шартту каттого турбай 30 күн жүрө алышат. Мындан тышкары алар чет өлкөгө чыгуу паспорту болгон учурда миграциялык карта толтурушпайт.

Кыргызстандыктар Казакстандын аймагында 30 күн жүргөн соң өлкөдөн чыгып же үч айга каттоого туруусу керек.

Жаңы эрежелер боюнча чет өлкөгө чыга турган паспорт болгон учурда кыргызстандыктар миграциялык карта толтурбай калышат.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ушул жылдын апрель айында эле эки өлкөнүн жарандарын убактылуу катоого тургузуу боюнча эки жактуу келишимин артка кайтарууга кол койгон.

Казак бийлиги бул келишимге ушул жылдын июль айында гана кол койду.

Эки өлкөнүн аймагында жарандардын жүрүүсүн узарткан келишим 2012-жылы эле бекитилген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: