Мурдагы премьер-министр Темир Сариев менен Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев оппозициячыл саясатчы Текебаевдин пайдасына көрсөтмө беришти.

Орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион АКШ доллар алган деп шектелип жаткан Өмүрбек Текебаев боюнча кезектеги соттук жыйын 18-июлда болуп өттү.

Жактоочулар күбө катары 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн дагы бир канча өкүлүн чакырышты.

Биринчи болуп мурда Убактылуу өкмөттүн каржы маселелери боюнча орун басарлык кызматты аркалаган жана мурдагы премьер-министр Темир Сариев көрсөтмө берди.

Сариев өз көрөтмөсүндө «Мегаком» байланыш операторун улутташтырууда ким жоопкерликтүү болгонун түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, прокуратура органдарын башкарып турган Азимбек Бекназаров туура эмес улутташтырылган жана рейдерлик жол менен басылып алынган имараттардын анализин жүргүзүп турган.

«Ал Убактылуу өкмөткө бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиев ээлик кылган имараттар жана "Мегаком" боюнча улутташтыруу декреттерин киргизе баштаган», — деди Сариев.

Сариевдин көрсөтмөлөрүнө ылайык, Убактылуу өкмөт «Мегакомду» улутташтырууну бекиткенден кийин бул маселе мамлекеттик мүлк фондунун министри Шералы Абдылдаевге өткөрүлүп берилгендиктен, Текебаев бул маселеге кийлигише алмак эмес.

Жактоочу тараптын дагы эки күбөсү, 2010-жылы улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп турган Кеңешбек Дүйшөбаев менен Убактылуу өкөттүн коомчулук менен байланыш боюнча координатору Элмира Ибраимованын айтымында, «Мегаком» байланыш операторун улутташтыруу маселеси менен учурдагы президент Алмазбек Атамбаев алектенген.

«Ал байланыш операторуна тийиштүү бардык маалыматтарды дайыма бизден сурап турчу. Текебаев менен Чотоновдун ысымдары эч качан ыкчам маалыматтарда эскертилчү эмес», — деди Дүйшөбаев.

Андан кийин жактоочу тараптын көрсөтмөлөрү Текебаев 2010-жылдын 13-май жана 21-декабрь күндөрүндө каякта болгондугунун үстүндө уланды. Маевский өз көрсөтмөсүндө ал күндөрү саясатчы менен жолукканын айткан.

Текебаев 2010-жылдын 12-июлунда Убактылуу өкмөттүн орун басары болгон, ал эми 2010-жылдын 10-октябрында парламенттин бешинчи чакырылышы түзүлгөндө «Ата мекен» партиясынан депутат болуп шайланган.

Сариевдин айтымында, Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү Текебаев кошулуп 13-май күнү «өзгөчө кырдаалдар шартында» иштешкен. Анткени Ош менен Жалал-Абадды кулатылган президент Курманбек Бакиевдин тарапташтары басып алышкан.

Ибраимованын билдириминде, 13-майда Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева өткөргөн ыкчам жыйында Атамбаевден тышкары баары катышкан.

Ошондой эле Дүйшөбаев 13-май күнү Текебаевди көргөнүн кошумчалады.

Ал эми экинчи талаштуу күн (2010-жылдын 21-декабры) боюнча Текебаевдин ишинде ал кезде эч бир расмий кызматты аркалабаган Гүлнара Журабаева көрсөтмө берди.

Анын айтымында, 2010-жылдын 21-декабрында Текебаев өзүнүн кабинетинде Маевский менен жолуга алмак эмес, анткени ал жок болчу.

«21-декабрь күнү мен Өмүрбек Чиркешовичтин кабинетине келгем, мен аны бир күн бою күтүп отурдум, себеп дегенде мен ал менен бир нече маселени чечмекмин, бирок ал ошол бойдон келген жок», — деди ал.

Кабинет чаташтыгы

Сот отурумунун экинчи эпизоду боюнча Текебаев менен Маевскийдин биринчи жолугушуусу өткөн ыктымал кабинет тууралуу сөз болду.

Тергөө экспериментинин учурунда Маевскийдин адамы Алексей Модин Текебаевге деген акчанын жарымын берээрде жолугушкан кабинетти видеодо көрсөткөн.

Жактоочу тараптын эки күбөсү Дүйшөбаев менен Ибраимова Текебаев видеодо көрсөтүлгөн кабинетте иштебенин билдиришти.

«Видеодогу кабинет Отунбаеваныкы же Атамбаевдики. Жасалгасы окшош», — деди Дүйшөбаев.

Ибраимованын айтымында, көрсөтүлгөн кабинетте Атамбаев иштеген болушу ыктымал.

«Жанагы видеодо көрсөтүлгөн кабинет жүз пайыз ишендирип айта алам, Текебаевдин кабинети эмес. […] Көлөмү боюнча Текебаевдин кабинети башкача болчу, ал кичинекей жана жөнөкөй болгон», — деди ал.

Авторлош: Регина Им

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: