«Ата мекен» партиясынын мүчөсү Атамбаевден сыйлык алуудан баш тартты

«Ата мекен» партиясынын мүчөсү жана «Эрдик» фондунун башчысы Каныбек Мырзаканов президент Алмазбек Атамбаевдин колунан бериле турган мамлекеттик сыйлыктан баш тартты. Өлкө башчы анын партиясын «сасык» деп атаганы үчүн мындай чечим кабыл алган.

Атамекенчи Каныбек Мырзаканов жети жыл согуш ардагерлерин издөө жана көзү азиздерге жардам берүү менен алектенген.

Ал 12-июлда «Ала Арча» резиденциясында маданий жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө кошкон салымы үчүн президенттен ардак грамота менен сыйланмак.

Бирок Мырзакановдун айтымында, ал президент Атамбаевдин колунан сыйлыкты албайт, анткени өлкө башчы үстүбүздөгү жылдын 6-мартында «Ата мекен» партиясын «сасык» деп атаган.  

«Президент партияны сасык деп шылдыңдап атса, мен анан кантип анын колунан ардак грамотаны алам. Атамбаев менин лидеримди, партиялаштарымды жалган жалаа менен каматып жатса мен эмне үчүн анын колунан сыйлык алышым керек?» — деди Мырзаканов Kloop.kgге курган маегинде.

Анын айтымында, ал башка аткаминер сыйлыкты тапшырса алып кетет.

«Анткени бул Атамбаевдин жеке сыйлыгы эмес, мамлекеттик сыйлык», — деп эсептейт Мырзаканов.

Президент 12-июлда «Ала Арча» резиденциясында мугалим, доктур, маданият ишмерлерине социалдык-экономикалык жана маданий интеллектуалдык мураска кошкон салымдары үчүн сыйлыктарды тапшырган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: