Бишкек: Тогузунчу кабаттан куруучу кулап каза болду

Бишкектин «Жал» кичи районунда тогузунчу кабаттан эки куруучу кулап түштү. Алардын бири окуя болгон жерден көз жумуп, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилди.

Бишкек милициясы алар жасалгалоо жумуштарын коопсуздук шаймандарысыз аткарып жатышканын аныктаган.

«Жасалгоо жумуштарын аткаруу учунда курулуш шайманы үзүлүп кеткенде кызматкерлер жерге кулап түшүшкөн. Мындан тышкары аларда кошумча коопсуздук шаймандарын болгон эмес», — деп айтты Kloop.kgге курган маегинде ИИМнин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев.

Кулап түшкөндөрдүн бири 36 жаштагы эркек киши болгон, ал ошол жерден көз жумган. Экинчиси 25 жаштагы жумушчу, ал окуя болгон жерден реанимацияга оор абалда жеткирилген.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, окуя болгон жерде ыкчам топ иштеп, кырсыктын себептерин тактап жатышат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: