Күч түзүмдөрү терракт уюштурууга шектүүнү колго түшүрдү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстанда терракт уюштуурга аракет кылып шектелген эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүн колго түшүрдү.

Эл аралык террористтик уюмдун терракт уюштурууга камданып жаткан 1980-жылы туулган М.Б. аттуу мүчөсү кармалды.

Тинтүү учурунда УКМКнын кызматкерлери сегиз килограмм жарылуучу зат жана экстремисттик мүнөздөгү материалдарды алган.

Атайын кызмат аныктагандай, колго түшүрүлгөн адам Сирия-Ирак аймактарындагы жаңгалга катышып, аскердик даярдыктан өткөн.

УКМК «Ок атуучу курал сактоо, жарылуучу түзмөк менен жарылуучу заттарды мыйзамсыз сатып алуу» жана «Терроризмге даярдык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта. Атайын кызмат иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

УКМКнын кызматкерлери быйыл терроризмге шектүүлөрдү биринчи жолу кармап жаткан жок. Июнь айында террористтик акттарды уюштурууга аракеттенип жаткан төрт кишини колго түшүргөн.

Алар колго жасалган жарылуу түзмөктөрдү жана ок атуучу куралдарды колдонууну көздөп жатышкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: