Атамбаев Өзгөндө көчкүдөн жабыр тарткандарга 10 миллион сом бөлдү

Президент Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Ош облусунда жер көчкүдөн жабыр тарткандарга 10 миллион сом бөлдү. Бийлик бул каражатка үйсүз калган үй-бүлөлөргө жети турак жай салып берүүнү пландап жатат.

Өлкө башчы жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн материалдык абалы оор болгондугу үчүн өзүнүн президенттик фондунан 10 миллион сомго жакын каражат бөлүп берүүнү чечти.

Бөлүнгөн каражатка Ош облусунун Өзгөн райондук Жалпак-Таш айыл аймагы менен Аюу айылында жер көчкүдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөргө турак жайлар курулат.

Ушул жылдын жаз мезгилдеринде Өзгөн районунда чоң жер көчкүлөр жүрүп, отузга жакын адам өлгөн.

Аюу айылында көчкү 11 үйдү басып калган, анын алдында 24 адам өлгөн. Куткаруучулар урандылардын алдынан сегиз адамдын гана сөөгүн алып чыгышкан.

Ничке-Сай айылында 24-мартта көчкү турак жайды басып калып, натыйжада алты адам набыт болгон. Куткаруучулар кайра жүргөн көчкүдөн улам алардын сөөктөрүн алып чыга алышкан эмес.

Жалпак-Таш айыл аймагында 30-апрелде көчкү 11 үйдү басып калган. Мындан мурун жергиликтүү тургундарды коопсуз аймакка көчүрүлгөндүгү үчүн жабыр тарткандар болгон эмес.

Президент буга чейин көчкүдөн каза болгондордун туугандарына 100 миң сомдон бөлүп берген.

Бийлик ошондой эле жер көчкүдөн жабыр тарткандар үчүн көңүл кош карабаган жарандар тарабынан чогулган 26 миллион сомду которуп берген.

Мындан тышкары, мамлекет жабыр тарткан 900 үй-бүлөнү көчүрүүгө 219 гектар жер бөлгөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: