Жалал-Абад: Жол кырсыктан сегиз адам көз жумду

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан алыс эмес Бишкек-Ош жолунда эки минивэн менен оор жүк таашыган унаа сүзүшүштү. Кырсыктан сегиз адам, арасында беш жаштагы кыз мерт кетти, дагы үчөө оор абалда ооруканга жеткирилди.

Таш-Көмүр шаарынан алыс эмес жерде «Хонда Степ», «Хонда Одиссей» унаалары менен оор жүк таашыгыч машина сүзүшүштү. «Хонда Степ» унаасынын сегиз жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза табып, айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилди.

Төрт эркек, үч аял жана беш жаштагы кыз көз жумушту. Укук коргоо органдары каза тапкандардын тек-жайын такташууда.

Ал эми «Хонда Оддисей» унаасында алты адам болгон, алардын экөөсү оор жаракаттар менен бейтапканага жеткирилди. Оор жүк ташыган унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү кырсыктан жабыр тартышкан эмес.

Жол кырсыктын себептери менен жагдайлары такталууда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: