Атамбаев: Латын арибине өтүү түрк элдерин «алыстатат»

Президент Алмазбек Атамбаев билдиргендей, латын арабине өтүү түрк элдерин «бириктирбей алыстатат». Атамбаев кыргыз тилин кириллицадан латын арибине өтпөй тургандыгын биринчи жолу гана билдирген жок.

Атамбаев белгилегендей, түрк элдерин латын тамгасына өтүү аркылуу бириктирүүгө болбойт. Бул туурасында ал 20-июлда Бишкекте «Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер» форумунун ачылышында билдирди.

«Латын арибине акырындык менен өтүү бириктирбей тескери биздин элдерди алыстатат», — деди президент.

Анын оюнча, кириллица алфавити Советтер Союзундагы түрк элдерине бүткүл Евразия аймагында бирдиктүү маданиятта болууга мүмкүндүк берген.

«Чыңгыз Айтматов, Мухтар Ауэзов өңдүү бүтүндөй биздин окумуштуулар менен жазуучуларыбыз кириллица менен жазышкан жана аларга ылайыктуу болгон», — деди ал.

Кыргызстанда латын арибине өтүү боюнча талкуу, коңшу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2017-жылдын аягына чейин казак тили үчүн латын арибине өтүү ченемдерин иштеп чыгуусун буйругандан кийин башталган.

Казакстанда 2025-жылга чейин айланма басылмаларды чыгарып, китептер менен документтерди латын тилине которуп бүтүү пландалууда.

Назарбаевдин айтымында, жаңы алфавит коомду эффективдүү жаңылаштырып, тышкы аалам менен байланышты жеңилдетүү менен балдардын англис тилин үйрөнүүсүнө жардам берет.

Казакстандын кириллицадан баш тартуусуна Орусияда ишенбөөчүлүк менен каралган. Орус эксперт-саясат таанучулары казак бийлиги мындай жол менен Орусиядан оолактап Европага жакындашкышкысы келгенин айтышкан.

Борбор Азия боюнча адис Аркадий Дубнов «Коммерсант.ру» басылмасына курган маегинде, латын арибине өтүү менен Назарбаев «"орус ааламынан" алыс болууну көздөп жүргөн элитанын жана калктын бир бөлүгүнүн колдоосуна ээ болоорун» айткан.

Орусия президентинин эл аралык маданият кызматташтыгы боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой казак бийлигинин демилгесин «бир кыйла адамдарды орус тилинен чыгарып салуу» деп атады.

Орусия менен Казакстандын ЕАЭБ боюнча шериктеши Кыргызстан өз кезегинде кириллицадан баш тарткан жок. Атамбаев буга чейин билдиргендей, кириллицаны кыргыз тилинде сактап калуу зарыл, себеп дегенде «бар нерседен баш тартпоо» керек.

Ошондой эле Өзбекстан дагы 1993-жылы Советтер Союзу тараганда кириллицаны латын арибине алмаштырган.

Өзбекстан латын тамгасына 2000-жылга чейин өтүүсү каралган. Бирок биричисинде латынга өтүүнүн акыркы убактысы 2005-жылга, андан кийин 2010-жылга чейин жылдырылган.

Учурда өзбек мамлекеттик сайттары кириллица маалыматтарын латынга көчүрүшөт. Ал эми иш жүргүзүү практикалык түрдө толугу менен кириллица бойдон калган.

Эгемендик алышы менен Молдова, Азербайжан жана Түркмөнстан өлкөлөрү дагы латын арибине өтүшкөн.

Учурда Борбор Азия чөлкөмүндө кириллица негизиндеги алфавитти Тажикстан менен Кыргызстан гана колдонууну улантып келет.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: