Бишкек мечиттери азанды тынчыраак жана «мукамдуу үн» менен айтышат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкектин бардык мечиттеринде азанды бир убакта айтууну жана ошол эле учурда «аны укканда жагымдуу болгудай болсун» деп буйруду.

Муфтият жыйынында, аппарат башчы Абибилла ажы Кадырбердиев жана Бишкектин казысы Садриддин ажы Мажидовдор бардык мечиттерде намаз муфтият белгилеген убактарда окулушун буйрук кылышты.

Дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев Kloop.kgге курган маегинде, мындан ары имамдардан азан айтууну «бардык эрежелерге» ылайык окулушун милдеттендиришет.

«Азан мукам үн менен окулушу керек жана өзүнүн эрежелерин карманыш керек. Ошондо гана элдерге намазга чакырууну уккан жагымдуу болот», — деди ал.

Анын айтымында, жашоочулардын арызданышына байланыштуу Бишкетин айрым мечиттеринде азандын үнү басаңдатылат.

«Алар азанды адамдар таттуу уйкуда жаткан учурда окуй башташат. Үнүн кичине азайтса болот да. Буга чейин дагы биз арызданып, кайрылуунун алдына 30 адам кол белгилерибизди койгонбуз. Бирок жооп келген жок. Эми кимге кайрылабыз?» — деп арызданган «Азаттык үналгысына» бишкектик Бактыбек.

Буга чейин азандын үнүн азайтуу маселеси парламентте дагы каралган. Демилгечилердин айтымында, азан айтуунун бийиктиги 40 децибелден ашып, жергиликтүү жашоочуларга ыңгайсыздык жаратууда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: