Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту күбөлөрдү сурап бүтүп оппозиячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин ишинин материалдарын кароого киришти.

Кабарчыбыз Регина Им жылдын эң эле резонанс жараткан соттук жыйынынын ар бирине катышып, кайсыл эпизоддор барынан дагы эң көп талаштуу болгонун жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүүнү чечти.

Иштин мазмуну эмнеде?

Соттук жыйында оппозициячылдар темир тор артында.

«Ата мекен» партиясынын башчысы жана оппозиционер Өмүрбек Текебаев коррупциялык иш боюнча айыпталып жатат. Кыргыз саясатчысына карата кылмыш иши орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынан кийин козголгон.

Маевскийдин айтымында, Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турган кезде ага «Мегаком» байланыш операторуна тышкы башкаруучулукту 1 миллион АКШ долларына алып берүүнү убада кылып, акчаны алган соң өзүнүн милдеттенмелерин аткарбай койгон.

Ушул эле иш боюнча экинчи айыпталуучу болуп мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов өтүүдө. Маевскийдин көрсөтмөсүнө ылайык, коррупциялык иште ал ортомчу болгон.

Текебаев февраль айынын аягында кармалган, ал ошондон бери убактылуу камоо жайында жатат. Текебаевдин айтымында, ага каршы козголгон кылмыш иши «саясий мүнөзгө ээ» анткени ал президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине сындарды айтып келген.

Бир айдын ичинде сот күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүн угуп жатты, андан соң гана өткөн аптада жактоочу тараптын күбөлөрүнүн санын эки эсе кыскартып, иштин материалдарын кароого киришти.

Эмне талаш-тартыш жаратууда?

Орусиялык жеке ишкер Леонид Маевский оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин соттук ишинде көрсөтмө берди.

Биринчи жолугушуу

Айыптоо тарабынын версиясы боюнча, Маевскийдин Текебаев менен биринчи жолугушуусу Убактылуу өкмөттүн имаратындагы саясатчынын кабинетинде болгон. Бул эпизоддо, тергөөчү тарап Маевскийдин ишенген адамы делген Алексей Модиндин көрсөтмөлөрүнө таянууда.

Тергөөчүлөр эксперимент жүргүзүп Модинден жолугушуунун кайсыл жерде болгонун көрсөтүп берүүнү суранышканда ал кабинеттердин бирин көрсөткөн, бирок жактоочу тараптын күбөлөрү видео тасмада көрсөтүлгөн кабинетте Текебаев эч качан иштеген эмес деп көрсөтмө беришкен.

Текебаев менен 2010-жылы чогуу иштеген мурдагы аткаминерлердин айтымында, Модин учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кабинетин көрсөткөн. Күбөлөр Текебаевдин кабинети менен кабылдамасы аябай эле кичинекей болгон дешүүдө.

«Супарадагы» жолугушуу

Айыптоочу тараптын негизги күбөсүнүн соттогу айтымында, Текебаев менен эң маанилүү жолугушуусу 2010-жылдын 13-май айында Бишкектен алыс эмес жердеги «Супара» этно-комплексинде болгон.

Анын сөзү боюнча, дал ошол жолугушууда Текебаев «Кыргызстандын базарына кирүү үчүн» 1 миллион АКШ долларын сураганда Маевский макулдугун берген. Ошондой эле айыптоочу тараптын күбөсүнүн айтымында, «Супарадагы» жолугушууда ортомчу катары Чотонов дагы болгон.  

Жактоочу тараптын Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Маевскийдин айыптоосун четке кагышты. Алардын айтымында, 2010-жылдын 13-май айларында кулатылган президент Курманбек Бакиевдин тарапташтары Оштун бийлигин басып алышканда Убактылуу өкмөттүн болгон күчү абалды жөнгө салууга жумшалган.

Мурдагы аткаминерлердин көрсөтмөлөрү боюнча, ал кезде Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген Чотонов шашылыш Ошко жөнөтүлгөндүктөн «Супарадагы» жолугушууга катыша алмак эмес.

Жактоочу тараптын версиясы боюнча, Текебаевдин Маевский менен жолугушуусу 13-майда эмес август айынын аягында болгон. Сотто күбөлөр катары сүйлөгөн атминерлер Текебаевдин орус мамдумасынын депутаттары менен таанышууну калаган жана ошол жолугушууда Маевский менен акча жөнүндө же «Мегаком» боюнча сүйлөшпөй, саясат тууралуу кеп козгошкон.

Текебаевдин жансакчылары 13-май күнү ал эртең менен кечке чейин эмне кылгандыгын баяндап беришти. Алардын айтымында, ал күнү саясатчы «Супарага» барган эмес.

Ортомчулар аркылуу акчаны өткөзүп берүү

Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Роза Отунбаева жактоочу тараптын күбөсү болуп акыркы сот жыйындарынын биринде көрсөтмө берди.

Бул иш боюнча экинчи талаш маселе Текебаевге акча кандай өткөрүлгөндүгү боюнча, анткени акчаны өткөрүп берүү документке түшкөн эмес. Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, Маевский миллион долларды Текебаевге эки транш менен өткөрүп берген: биринчиде 300 миң жана экинчисинде 700 миң АКШ доллар.

Маевскийдин белгилешинче, биринчи 300 миң өлчөмүндөгү акчаны ал Алексей Модин аркылуу, ал эми калган 700 миң АКШ долларын Текебаевдин Москвадагы адамы аркылуу берген.

Модиндин айтымында, ал Текебаевге акчаны дагы бир ортомчу Талантбек Маматкеримов аркылуу берген. Модин билдиргендей, ал анын кеңсесине келип 300 миң АКШ долларын берген. Айыптоочу тарабынын күбөсү Маматкеримовду Чотоновдун тууганы деп айтууда, бирок Чотонов бул нерсени четке кагууда.

Ошондой эле тергөөчүлөр Маевскийден, Москвада калган 700 миң акш долларын алган адамдын тек-жайын тактай алышкан жок, ал эми Маматкеримовдон көрсөтмө алуу мүмкүн эмес, анткени ал бир нече жыл мурун дүйнө салган.

Парламенттеги жолугушуу

Текебаевдин тарапташтарын жада калса соттун короосуна дагы киргизбей коюшту.

Дагы бир талаштуу учур — бул Маевскийдин Текебаев менен парламенттин имаратындагы жолугушуусу.

Модиндин көрсөтмөлөрүнө ылайык, бул жолугушуу 2010-жылдын 21-декабрында акчанын бардыгы өткөрүлүп берилгенден кийин болгон. Модиндин айтымында, ошол жолугушууда Маевский Текебаевдин өзүнө алган келишим боюнча милдеттенмерин аткаруусун талап кылган.

Модин менен Маевскийден тышкары, аталган жолугушуу жөнүндө сотто «Ата мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов дагы сөз кылган.

Текебаевдин жактоочулары башкача позицияны карманууда, алар атлган жолугушуу эч качан болбогонун айтышууда. Жактоочу тараптын күбөлөрү сотто Абрахманов Текебаев менен Чотоновго карата жеке кастыгы бар, ошон үчүн аларга каршы көрсөтмө бергенин айтышууда.

Ошондой эле жактоочу тараптын башка күбөлөрү дагы айыптоочу тарап коюуп жаткан версиясын четке кагышты. Алардын айтымында, 21-декабрда көптөгөн адамдар Текебаевди куттукташ үчүн анын кабылдоосунда болгулары келген, бирок ал бир күн бою жумушунда болгон эмес.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: