U-23 Азия чемпионаты, тандоо: Оман 5 — Кыргызстан 1

Кыргызстандын 23 жаштагылар арысындагы улуттук футбол курамасы Азия чемпиондугунун тандоо баскычынын экинчи матчында Оман командасын чоң эсеп менен утулуп берди. Натыйжада 5:1 эсеп омандыктардын пайдасына чечилди.

Кыргызстандыктар оюнду өздөрүнө ишенбегендик менен баштаганына карабастан, биринчи танапистин жарымына чейин жакшы оюн көрсөтүштү. Биринчи таймга кошулган экинчи мүнөттө матчтын эсебин Одилжон Абдурахманов ача алды.

Каршылаштардын дарбазасына киргизилген топ кыргызстандыктарга ишенимдүүлүк менен кубат берип, экинчи таймга алар шыктануу менен чыгышты. Экинчи таймдын биринчи жарымындагы жигердүү соккулар, тилекке каршы, гол алып келбеди жана ошол эле учурдун 60-мүнөттөрүндө улуттук курама эмнегедир демилгени каршылаштарына алдырып койду.

Омандыктар каршылаштарынын алсыраганынан пайдаланып беттештин 61-мүнөтүндө эсепти теңдей алышты. Дарбазага голду Мухсена аль-Гассани киргизди.

Ал кезде он биринчи номурдагы Оман курамасынын оюнчусу матчтын жүрүшүндө хет-трик жасашына эч бир себеп жок болчу.

Калыс тарабынан 82-мүнөттө Кыргызстандын улуттук курамасынын дарбазасына жарыяланган пенальтиси Оманды алдыга чыгара алды.

Экинчи киргизилген топ кыргызстандыктарды өзүн жоготтуруп, оюнду бүтүндөй каршылаштарына өткөрүп жиберди. Үч мүнөттөн кийин таблодо эсеп 4:1 болуп Омандын пайдасына көрсөтүлдү. Буз кезекте дагы ошол эле оюнчулар Мухсен аль Гассани менен Жамиль аль Яхмадилер өзгөчөлөнүштү.

Таң калычтуу, бирок төртүнчү киргизилген топ кыргызстандыктарды жигердүү соккуга чыгууга мажбур кылды. Тилекке каршы баары курулай болду. Матчтын негизги убактысына кошулган мүнөттө Оман кыргызстандыктардын дарбазасына бешинчи голду киргизип оюнга чекит койду.

Кыргызстанга Иран менен беттешүүдө жеңилгендиги тайпалык мелдештин финалдык бөлүгүнө чыгуусуна шарт түзгөн. Бирок улуттук кураманын Оманга каршы бетеште чоң айырма менен жеңилип бергендиги кыргызстандыктардын Азия-2018 чемпиондугунда ойноого болгон мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.

Үчүнчү чечүүчү мелдеште Иран менен Омандын курамалары А тайпасындагы орунга чыгуу үчүн беттешишет.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: