Декларация-2016: Эки депутат миллиондогон сом өлчөмүндөгү «белектерди» алышкан

Өз декларацияларында эл өкүлдөрү Жаныбек Бакчиев 7,5 млн сом, ал эми Алтынбек Жунус уулу 2 млн сом өлчөмүндөгү белектерди алышканын көрсөтүшкөн. Белек бергендердин тек-жайы жана белекке алган акчалардан салык төлөнүп-төлөнбөгөнү көрсөтүлгөн эмес.

Парламенттеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиев 2016-жылда өз кызматы үчүн 1,033 млн сом тапкан.

Ал 7 млн 500 миң сом өлчөмүндөгү акчаны да декларацияга киргизген, анын белгилешинче, бул каражатты ага белекке беришкен.

Бакчиев 2011-жылы чыккан «Toyota Highlander» автомобилине ээлик кылат, ал эми кыймылсыз мүлкү жок.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбеку Жунус уулу парламентте бир жыл иштеп 752 327 сом тапкан, дагы 2,07 млн сомду ал өз декларациясына белек катары киргизген.

Декларацияга ылайык, эл өкүлү үй жана батирге ээлик кылат.

Эки депутат тең мындай сумманы ким бергенин такташкан эмес. Алган кирешелерине салык төлөгөнү тууралуу да маалымат жок.

«Белекке» берилген акчалардын мыйзамдуулугу

«Прецедент» тобунун юристи Фатима Якупбаеванын айтымында, депутаттар «белекке берилген» акчадан жалпы сумманын 10 пайыз өлчөмүндөгү киреше салыгын төлөшү керек болчу.

Бирок акча үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан берилген болсо, анда ал салыксыз эсептелет.

Юрист Эдил Эралиевдин айтымында, маселе аткаминерлердин белек алышын көзөмөлгө салган мыйзамдын жоктугунда.

Алардын протоколдук иш-чараларга, кызматтык командировкаларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу белек алышы жөнүндөгү жобо гана бар.

«Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзам боюнча аткаминерлер менен депутаттарга өздөрүнүн түз милдеттерин аткарганы үчүн белек алууга тыюу салынган.

Бирок тигил же бул акчанын өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда алган-албаганын далилдеш кыйын.

«Бул абалга мыйзамдын көзү менен карай турган болсок, анда укук коргоо органдары аткаминер алган акчасын кызматтык милдеттерин аткарып жатып тапканын далилдеши керек болот.[…] Бул өтө кыйын», — деди Эралиев.


ТЕМА БОЮНЧА: