Атамбаев: Эгерде Liglass Trading августка чейин 37 млн доллар төлөбөсө, Кыргызстан башка инвесторлорду издейт

Эгерде Liglass Trading чех компаниясы август айына чейин 37 миллион доллар төлөбөсө, өкмөт Жогорку Нарын ГЭСинин каскаддарын куруу боюнча келишимди буза турганын президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Атамбаев бул тууралуу Ысык-Көлдөгү Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, эгерде Liglass августка чейин 37 млн доллар төлөп берсе, анда алар «олуттуу инвестор» экенин далилдешкен болот.

«Менин оюмча, Атамбаевди көмгөнгө шашылбай туруш керек жана бул долбоор боюнча кичине, августтун аягына чейин күтүш керек. Эгерде төлөшсө, олуттуу инвестор экенин далилдешкен болот. Эгер төлөбөсө, анда башка инвестор издейбиз», — деп билдирди ал.

Өлкө башчысы ГЭСтин курулушу ал баштаган «башка долбоорлор» сыяктуу «өз жолунда аягына чыгарылат» деп ишенет.

«Чындыгында келишим өтө жакшы жана Кыргызстан үчүн ийгиликтүү түзүлгөн», — деди ал.

Кыргызстандын өкмөтү июль айынын башында Liglass Trading чех компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСинин каскадын жана он чакан станцияны куруу боюнча келишимге кол койгон.

Өткөн эки аптада чехиялык ондогон басылмалар тендерде утуп алган Liglass Trading компаниясын «чыгашалуу» деп жазып чыгышкан.

Liglass Trading компаниясынын 2014-жылдагы акыркы отчетунда көрсөтүлгөндөй, фирманын операциялык кирешеси -1 миллион 62 миң чех кронуна (же -47,9 миң АКШ долларына) төмөн болгон.

Маалыматтарга ылайык, чехиялык компания эч качан ГЭС куруу менен алектенген эмес жана анын юридикалык дареги боюнча Праганын чет-жакасында кароосуз калган имарат жайгашкан.

Чех компаниясы менен келишим түзөөр алдында алты ай мурун Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Liglass Trading фирмасы менен кызматташпоону өтүнүп кеңеш берген.

Жогорку Нарын ГЭСнин курулушу Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдин негизинде 2012-жылы башталган.

Кыргызстан 2015-жылы келишимди жокко чыгарып, жаңы инвестор табууну чечкен. Анда Алмазбек Атамбаев Орусияда күйүүчү майга болгон баа түшүп жаткандыгынан улам алардын экономикасы «төмөндөп», аталган ири объекттерди куруп бере албастыгын айкан.

Орусия өз кезегинде келишим бир жактуу жокко чыгарылганы үчүн Кыргызстандан 37 млн доллар өлчөмүндөгү кун төлөп берүүнү талап кылган. Аталган чех компаниясы бул карызды 30 күндүн ичинде төлөп берүүнү убадалап жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: