Прокурорлор Жапаровду 15 жылга эркинен ажыратууну талап кылышты

Прокурорлор оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровду 15 жылга камоону талап кылышты. Анын тарапташтары Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында саясатчыны бошотуу талабы менен митингге чыгышты.

Жапаров өзү судьядан ишти аягына чейин иликтеп чыгууну өтүндү.

«Күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү ар түрдүү болуп жаткандыктан ишти аягына чейин иликтеп чыгууга жөнөтүүнү өтүнөм, ал эми башкы күбөлөрдүн үчөөсү көрсөтмө бере да элек», — деди Жапаров.

Бирок судья ишти аягына чейин иликтөөгө жөнөтпөй, тараптарды жарыш сөзгө кирише беришин айтты. Ошол учурда айыптоо саясатчыга 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарууну өтүнгөн.

Жапаров туткунга алуу, өлтүрүү менен коркутуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу жана бейбаштык боюнча айыпталып жатат.

Адвокаттар жарыш сөзгө даярданыш үчүн убакыт берүүнү суранышып, буга байланыштуу соттук отурум 28-июлга жылдырылды.

Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов судья ишти адилет карап чыккан жок деп эсептейт.

«Ар бир келгениңизде алты том кылмыш ишин алып келесиз, бирок ушул күнгө чейин биринчи томдун жарымын гана окудуңуз. Ал жерде эмне деп жазылып турганын, кайсы көрсөтмөлөр иштин материалдарына кошулганын биз билбейбиз», — деген ал сотто.

Жапаровдун тарапташтары прокурорлордун талабына нааразы болушуп, Биринчи май райондук сотунун алдына митингге чыгышты. 50дөн ашык демонстранттар оппозициячыны бошотууну талап кылышты. Алардын оюнча Жапаров бийлик тарабынан жасалган кысымдын курмандыгына айланган.


ТЕМА БОЮНЧА: