Польшалык мугалим кыз Кыргызстанда ала качууга дуушар болду

Агнешка Квецен Кыргызстандагы балдарга жарым жылдан бери англис тилден сабак берет.

Польшалык англис тил мугалими Агнешка Квеценди Ысык-Көлдө жүргөндө ала качып кетүүгө аракет кылышкан. Алардан качып кеткен мугалим кыз милицияга арыз жазган.

Квецен Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстандагы ала качуу, милициянын аракетсиздиги, сексизм жана күнүмдүк турмуштагы коррупция тууралуу айтып берди. Баяндоо анын атынан жүрөт.

Мен Штаттарда элем, анан кийинки айда Африкага кетем деп жүргөм. Азияда мурда эч болбогонума байланыштуу беш ай мурун Кыргызстанга келдим. Мен өзү майып балдар менен иштейм, бирок мен орус тилин мыкты билбегендиктен бул жерде англис тилинен сабак берем. Негизи мен Бишкекте иштейм, азыр болсо балдардын жайкы лагериндемин.

Эки күн мурун менин досторум Кыргызстанга келишип, «Кайнар» эс алуу үйүнө конушкан — ал «Радуга» менен «Карвен Четыре Сезона» пансионаттарынын ортосунда жайгашкан. Түндөсү, саат тогуздарда алар мени үйүнө алып кетишти. Мен түндөсү өзүм жашаган жерге тобокелге салып кетпей эле ошол жакта калып калдым. Кандай болгондо да бул жер Европа эмес да. Бул жерде этият болуп, өзүмдү кантип алып жүрүшүм керек экенин түшүнөм.

Ошондуктан мен «Кайнардан» «Карвен» (биз ага жакын жерде жашайбыз) тарапты көздөй эртең мененки 7де кайтып келаткам. Ал жерде кичинекей чыйырда эч ким деле жок болчу. Менин жанымдан төрт жигит машинада өтүп баратышкан. Алар токтошуп, менден жеткирип коёлубу деп сурашты. Мен болсо баары жакшы экенин, өзүм эле жетип алаарымды айттым.

Анан аларды бири мени кучактап, машинага сүйрөй баштады, бирок машинада отурган досу ага мени коё беришин айтты. Ал бошоңдоп калганда мен качып кеттим. Бут кийимим жок болчу, бирок мен аябай коркуп калгандыктан мага баары бир болуп калган. Алар кетип калышып, бирок эки жигит кайрадан чыгып алышып, мени көздөй келатышты. Алар мага тийбей турганын, жардам бергиси келгенин айтышты.

Ал жерде өтүп бараткан эски машина бар болчу, мен ага отурууга шашылдым. Арткы эшигин ачсам, ал жерде бир бала жууркан жамынып алып уктам аткан экен, мен айдоочунун жанына алдыга отурдум. Мен ыйлап аткан болчумун, айдоочудан тезирээк айдоосун өтүндүм. Бир жерге жеткенде оң жакка бурулуп, мени түшүрүп коюшун айтканымда, ал токтобой, тескерисинче кайра ылдам айдай баштады.

Мен ага «Мен акча берем. Токтотуп коюңузчу» десем, ал айдап кете берди. Мен токтоп коюшун айтып ыйладым, кыйкырдым, жалындым. Менде 1000 сом бар болчу, мен аны бергенге даяр элем. Ошондо ал бурулуп кетип, мага керек болгон жакка айдай баштады. Ал менден «Сен Айбектикине кондуңбу?» деп сурады. Бул ошол жердин кожоюнунун аты. Бирок ал мага керек болгон жерден өтүп кетип, Чолпон-Ата — Бишкек жолуна айдап кетти. Мен ага «Мен акча бербедимби» дедим. Ал болсо ага акча керек эмес экенин айтып, мага «Өзүңдү бас» деди. Мен аябай коркуп калгам. Ал жолдун кесилишинде токтоткон кезде мен машинадан секирип чыктым. Ал менин свитеримен кармап машинага тартайын дегенде мен анын колунан чыгып кеттим.

Мен бут кийимдерим жок, салпайган кийимдерим менен жолдо ыйлап тургам. Балким, мен ичип же чегип алгандай көрүнсөм керек. Башка машиналар көпкө чейин токтобой өтүп жатышты.

Чоң жолго чыкканга чейин артыбыздан мени биринчи жеткирип коёорун айткан машинадагылар келатышкан. Билбейм эмнеге, балким алар чогуу болгондур. Өзү мен жолго чыкканга чейин деле машинадан секирип кете алмакмын, бирок мен айланада мага жардам бере турган кимдир бирөө чыгып калаар деп күттүм.

Мен машинадан чыгып жолдо баратканда ошол жигиттер кесе айдаганга аракет кылышты. Акыры-аягы бир машина жолдо токтоп, мен ага отурдум да мени ала качууга аракет кылып жатышканын айттым. Мен алардан үйүмө жеткирип коюшун өтүнгөндө, алар милицияга барып арыз жазышым керек экенин айтышты. Биз Чолпон-Атадагы милицияга барып, арыз жазып калтырдык. Мен арызды англис тилинде жазгам, кийин биздин лагердин менеджери анын баарын орус тилинде айтып берди.

Мен ыйлап, корккон абалда милицияга барганымда, бир милиционер «Сен эмне, турмушка чыккың келбейби?» деп тамашалашты. Дагы бирөө болсо «Сен сулуу болгонуң үчүн алар сени ала качышты» деди. Алар «Эгер сен узун көйнөк кийбесең, аларды өзүң азгырган болосуң» деп да айтышты.

Квецен Кыргызстандын жаратылышына суктанаарын айтат.

Биз Европада курмандыктарды сырткы көрүнүшүнөн улам кодулабаш керек экени менен күрөшүүгө аракет кылабыз. Эгерде мен көйнөк кийсем, бул менин зордукталгым келгенин же ала качып кетишин каалаганым эмес. Бирок бул жерде алар сага сексизм менен мамиле кылышат.

Мага жардам берген жигит мени ала качкан балдардын номерлери Бишкектики экенин айтты. Бирок мен алар жергиликтүү балдар деп ишенем. Алар «Радугада» же ошол жактарда иштеген жергиликтүү балдар деп ойлойм. Алар эртең менен 7де бир жакка баратышкан, мас же башка эмес эле.

Милиция аларды оңой эле таап алмак, айыл кичинекей эле да. Бирок кийин милиционер келип, «Эми силер көчөдө кеңири басып жүрө аласыңар. Кайда баргыңар келсе, ошол жакка баргыла, алар силерге тийбейт» деген сыяктуу бир нерселерди айтып кетти. Биздин лагердин менеджери жана кароолчусу менен сүйлөшкөнүбүздө, алар милиционерлер ошол балдарды тапканын, бирок балдар акча төлөп чыгып кеткен окшойт деп айтышты.

Керек болсо бажыдан өтүп жатканда алар менин паспортумду алып алышып «Номериңди берчи» деп, паспортумду кайтарып беришпейт. Анан акча сурашат. Чек арада мени бир жолу токтотушканда мен номеримди бербей койгом, ошондо чек ара кызматкери акча төлөшүм керек экенин айткан.

Мен бир жолу Бишкектен Караколго машина ижарага алгам. Милиционер мени токтотуп, бардык документтерибиз болсо да, патрулчу бардык документтерибиз жок экенин айтты. Алар бизди машинадан чыгарбай кармап туруп алышканда, бизге 1000 сом төлөгөнгө туура келди. Алар жолубузду тороп алганда, менин досум чыкты. Алар ага башкача мамиле кылышты, анткени ал эркек киши болчу. Бизди жөн эле ошол жерде 30 мүнөт кармашты. Документтерге байланыштуу эмес эле, акчага байланыштуу болчу.

Адамдар аябай меймандос, бирок эркектер — сексист. Алар мага дайыма жыныстык буюм катары карашат. Мен бир жакка барып калсам, маршрутка менен барууга аракет кылам. Анткени таксиде мага дайыма каяктан келгеним, Кыргызстанда эмне кылып жүргөнүм боюнча суроо бере беришет. Бул кадыресе эле суроолор, мен жооп берем. Бирок кийин «Жолдошуң барбы?» деген суроолор башталат. «Жок» дейм. Алар таң калышып «Канча жаштасың?» деп сурашат, мен «24төмүн» дейм. Алар болсо «Дагы эле күйөөң, балдарың жокпу?» дешет.

Бул жакта эркектер үчүн аялдар эне же аял гана боло алышат. Алар менин көз карандысыз аял экенимди жана өзүм жалгыз саякат кылганымды түшүнүшпөйт. Анан эле «Сен аябай сулуу экенсиң» деп жатууну сунуш кылышат.

Маектешкен Нуржамал Жанибекова

Жаңы маалымат: 24-июль күнү кечинде милиционерлер Квеценден көрсөтмөлөрдү алышып, иликтөө иштерин башташкан.