«Заноза» басылмасына логотип менен аталышты колдонууга тыюу салынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Zanoza соода белгисин эч кайсы жол менен колдонууга болбойт деген чечим чыгарды. Андан тышкары доо арыз ээси Александр Рябушкин «Занозадан» 3 млн сом төлөп беришин талап кылган.

Басылманын тең түзүүчүсү Нарын Айып билдирүү жарыялап, соттун чечимин «“Занозага” бардык тараптан массалык кол салуу» деп атады.

Айыптын оюнча, аталыш менен логотип басылманын менчиги болуп эсептелет, ошондуктан алар соттун чечимин даттанышмакчы.

Анын айтымында, 2015-жылы «Вечерний Бишкекти» рейдерлик жол менен басылып алынгандан кийин басылманын мурдагы кызматкерлери Zanoza.kg сайтын түптөшкөн. Ал эми аталыш менен логотип кайсы бир жактан көчүрүп алынбай сайттын командасы тарабынан ойлоп табылган.

«Соода белгилери токтоосуз жана жаныбызда эле уурдалып, машинкасы болгондун баары эле футболкасына “Найк” же “Рибок” деп тигип алып жаткан өлкөдө [...] бийликтегилер кокустан эле олуттуу түрдө Рябушкиндин укуктарын коргоо боюнча ойлоно башташты. Ал эч нерсе ойлонбой, эч кандай чыгармачыл аракет кылбай эле бөлөк кишилердин аталышын өзүнүкү кылып алды», — деп жазган Айып.

«Заноза» басылмасы пайда болгонунан төрт ай өткөндөн кийин, 2016-жылдын январында «Вечерний Бишкектин» кожоюну Александр Рябушкин Кыргызпатентте Zanoza соода белгисин каттоодон өткөрүү боюнча арыз жазган. Анын каттоосун сентябрь айында гана кабыл алышкан. Аталыш менен логотиптин айланасындагы талаш-тартыштар ошол жылдын күз айларында башталган.

Айыптын ишендиришинче, Zanoza.kg сайты Рябушкин арыз бергенге чейин популярдуу болуп, айына 500 миң окурманга ээ болуп турган.

2016-жылдын күз айларында Рябушкин сотко арыз жазып, басылмага Zanoza аталышын пайдаланууну тыюу салууну талап кылган, бирок сот ал доо арызды кабыл алган эмес.

«Заноза» басылмасы да Рябушкиндин өзүнө каршы доо арыз берген. 2017-жылдын февраль айында Чүй райондор аралык соту Рябушкинге Zanoza аталышын кандай гана жолдор менен болбосун колдонууга тыюу салган.

Бирок 2017-жылдын апрелинде Рябушкин «Занозага» каршы дагы доо арыз берген. Бул анын адвокаттарынын доо арызды камсыздоо боюнча канааттандыруу өтүнүчү болгон. 

Андан тышкары «Заноза» Башкы прокуратуранын президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча төрт доо арызы боюнча күнөөлүү деп табылган. Жалпы жонунан басылма менен анын эки тең түзүүчүсү президентке 24 млн сом төлөп бериши керек.

Президенттин басылмага каршы бешинчи доо арызы боюнча соттук угуулар 2017-жылдын 3-августунда өтөт.


ТЕМА БОЮНЧА: