Жунглидеги элге жардам берген Айгерим

Айгерим Мамбетбаеванын Малайзиянын чытырман токойлорунда аборигендердин түйшүгүн тартып жүргөнүнө жүргөнүнө жети жылдын жүзү болду. Бул кайрымдуулук иши анын ири фабрикадагы жетекчилик кызматына тоскоол болбойт.

Макаланын түп нускасы Азаттык үналгысынын сайтына чыккан.

“Окуучу кезде эле англис тилине басым жасап, тырышып окудум. Тилди Жер шарынын каалгасынын ачкычы катары көрчүмүн. Дүйнөнүн чар тарабын кыдыруу үчүн ошол ачкычты өз колум менен жасоого кириштим.

Көзүмдүн майын кетирип китептен үйрөнгөн сөздөрүм ачкычтын зымы, темирлери сыяктуу эле тетиктери болчу. Себеби Токмоктун орто мектебинде үйрөнгөн тилим менен кыялымдагы каалганы ача албасыма көзүм жетип калган. Тилекке каршы, биздин мектептерде бүтүрүүчүгө ийри-буйру бүткөн ачкычты кармата салып, даңгыр жолго аттандырышат.

Бактыга жараша, жайкысын чет өлкөдөн ыктыярчылар келип, англис тилин үйрөтүшчү. Алардын ар бир сөзүн илип алып, жадыбалдай жаттаар элем. Бир жолу малайзиялык ыктыярчыларды шаар менен тааныштырып жүрүп ымалабыз келишип калды. Алар мени Малайзияга сөзсүз түрдө келүүмдү өтүнүп кетишти.

Англис тилин ошентип мектептен эле өздөштүрүп алгам. Эми кезек чыгыш тилдеринде деп Чыгыш таануу факультетине тапшырып, кытай тилин өздөштүрө баштадым. Колума миң түрдүү каалганы ачкан ачкыч тийгендей эле жыргап жүрдүм.

Алгач эле Кытайдын эшигин ачтым. Магистр даражасын Хэнань шаарынын университетинен алгам. Карьералык шатынын биринчи тепкичине бутумду коюп калганда баягы Токмокто таанышкан малайзиялык үй-бүлө чакырып калды. Байланышыбыз ушул күнгө чейин үзүлө элек болчу.

Аборигендер менен таанышуу

Жаңы тапкан үй-бүлөм кытай тектүү малайлар эле. Кызыктуусу, Малайзияда малай эли, кытайлар, индустар камыр-жумур жашайт. Мусулмандар басымдуулук кылганы менен христианчылык, буддизм, индуизмдин жактоочулары да көп. Келгениме жети жыл болду, бир жолу да улуттук же диний негизде чыккан чыр-чатакка күбө болгон жокмун. Мунун бир себеби элинин иштермандыгында. Алардын “мен мусулман, сен каапыр” деп отурганга чолосу деле тийбейт. Кыргыздар айкөл элбиз деп төш какканыбыз менен сабырдуулук менен эмгекчилдикти булардан үйрөнүп алсак зыян болбос эле.

Ошентип Ипох шаарында христиан үй-бүлөсү менен туруп калдым. Алар кайрымдуулук менен көп алектенишчү. Мен да аларга кол кабыш кылып жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде жунглиде өз эрки менен цивилизациядан баш тарткан аборигендерге барып калдык. Ага чейин эле Малайзияда элден обочолонуп жашаган жергиликтүү уруулар бар деп угуп жүрчүмүн. Бирок алар менен алгачкы кездешүүм ушунчалык таасирдүү болот деп күткөн эмесмин.

Биз кем-карчыбызды жүктөп алып кадазан уруусуна бардык. Чытырман токойго жеткенде эле жүрөгүм элеп-желеп болуп баштады. Эркек-аял дебей, белиндеги тери, жалбырактан жасалган белдемчиден башка илип алаар кийими жок, арып-тозгон, күнгө тотугуп жүдөгөн адамдарды көргөндө дүйнөм астын-үстүн болуп кетти.

Тагынган саатымды, көз айнегимди катып, алыс ыргытып салгым келди. Берген кийимиңди кийбейт. Чыт курсагынан тарта тиши түшкөн кемпирине чейин биттеп кеткен. Сабатсыз, кат таанышпайт.

Малайзия өкмөтү жапайы урууларды коомго жуурулуштурууга аракет кылганы менен алар өздөрү баш тартышкан. Бирок акыркы учурда интеграция жакшы эле жүрүп жатат. Биз алгачкы барган учурга салыштырмалуу аборигендердин жашоо-шарты бир кыйла жакшырып калды. Кийген кийимдерди бүтөлүп, өздөрүнө аздан болсо да кам көрө баштады. Алар жапайы уруулардын акыркы мууну болот деп үмүттөнөм.

Кадазандарга болгон зыярат көз карашымды, баалуулуктарды түп- тамырынан өзгөрттү. Керт башыңдын эле камын көрүп, өз кызыкчылыгыңды эле көздөй бербестен сенин көмөгүңө муктаж адам баласына колуңду сун деген ой жанымды жай алдырбады.

Биринчи сапардан кийин дагы далай жолу каттадым. Кийинчерээк Мьянма, Таиландга чейин барып, жапайы жашоочуларынан кабар алып келдик. Кечирип жаткан өмүрүңө канагат кылууну, барына да жогуна да топук кылууну мына ошондо үйрөндүм. Азыр жашоосуна наалыган адамдарды кезиктирсем аргасыздан жылмаям.

Качандыр бир кезде Кыргызстанга кайтам

Кийинчерээк өз жолумду табайын деп кытай үй-бүлөмөн бөлүнүп кеттим. Чет өлкөдөгү турмуштун жакшы жагы эмне, билесизби? Адегенде эле ойго жогору маяналуу жумуш, көп акча табуу мүмкүнчүлүгү келиши мүмкүн. Ал деле туура деңизчи, бирок бул медалдын экинчи тарабы гана.

Чет жакта сенин экинчи жашооң башталат. Сен жалгызсың, ишенер кожоң жок. Өз киндигиңди өзүң кесесиң. Чыйраласың, бышасың. Ооруганга акың жок. Себеби медициналык кызмат көрсөтүүнүн баасы асманда. Сенин жумушунду эч ким жасап койбойт да. Тиштенесиң. Турмуштук тажрыйбаң мол болот.

Мээнетиң, адал эмгегиң, алган билимиң сени эч качан жерде калтырбасына бөркүмдөй ишенип калдым. Азыр Малайзиянын медициналык кол каптарды чыгуруучу эң алдыңкы WRP Asia Pacific фабрикасында башкаруучунун оң колу кызматын ээлеп отуруп, баштан кечирген оош-кыйыштарды эстесем, кол шилтеп артка чегинбегениме ыраазы болом. Малайзияны, коңшулаш өлкөлөрдү кол каптар менен биздин ишкана толук камсыздайт. КМШ өлкөлөрүнө экспорттоону көзөмөлдөө менин моюнумда.

Жумушчулардын басымдуу бөлүгү Африка өлкөлөрүнөн, Индия, Бангладеш, Индонезиядан келгендер. Албетте, бош орундарга мекендештеримди орноштурууну мен деле каалайм деңизчи. Бирок шыр эле айлыктын көп болушуна кызыгышат. Шашпай турса, жумушта көңүл кубантарлык жыйынтык көрсөтсө маянасы да, кызмат орду да жогорулайт да.

Дагы бир көңүл оорутчу жагдай, кыргыздар карызга акча сурап алып эле бербей коюшат. Акчасына деле ичим ачышпайт. Ата-жотом тааныбаган адамдарга жардам берип жүрүп, өзүбүздүкүн каралашпай коймок белем. Болгону күйгөндөн айткан кебим да.

Айгерим жолдошу менен.

Малайзия менин экинчи мекениме айланды. Бактымды бул жактан таптым. Жолдошум Рой менен жумушта таанышканбыз. Ал банк кызматкери. Ал да кытай тектүү малай. Өз ара кытайча сүйлөшөбүз. Малай элинде аял-эркек укугу бирдей. Үй жумуштарын эрөөн-терөөнү жок эле жасай берет. Кыргызстанга келип ата-энемен бата алып кеткенбиз. Акыр түбү Кыргызстанга барып жашайлы десем, кош колдоп макул болду. Англис тилинен мугалим болуп деле иштей берем дейт.

Чынында эле мекениме кайткым келет. Мегаполистин ызы-чуусунан, бир мүнөткө токтобогон ыргагынан чарчайсың. Айылдагы тынч турмушту эңсеп каласың. Барсам кайрымдуулук менен алектенем деп ойлойм.

Бирок ал мезгил качан келери азырынча белгисиз. Колумда дүйнөнүн төрт тарабынын эшигин ачкан ачкычты бекем кармап жүрөм. Бул жылдар аралыгында ал баштагыдан да бекем, сынбас болуп калды.