«Союз» ракетасы коомдук желелердин колдонуучуларынын сүрөттөрүндө

«Союз МС-05» ракетасы «Байконур» космодромунан 28-июль күнү кечинде учту. Борбордук Азия менен Орусиянын жашоочулары ракетаны космостук спутник, комета жана башка планеталыктардын кемеси деп да ойлоп калышкан.

«Союз МС-05» кемеси «Байконурдан» саат 21де Бишкек убактысы боюнча учкан.

Кеме бортунда орусиялык Сергей Рязанский, америкалык Рэндолф Брезник жана италиялык Паоло Несполи болушкан.

Эл аралык космостук станцияда аларды космонавттар Федор Юрчихин, Пегги Уитсон жана Жек Фишер күтүп жатышат.

Орусия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тургундары кеменин учушун байкап калышкан.

Коомдук желелердин колдонуучулары асмандагы ракетаны сүрөт жана видеолорго тартып алышкан.

Что это ?Кто видел только что? #нло#бишкек#чтоэто

Публикация от Визажист Жылдыз Шерик👧💄 (@mua_jiks)

#ракета #кашка-суу #кыргызстан#сбайканура

Публикация от Аида Эрикова (@_erikovva)

Орусия менен Казакстандын жашоочулары да кыргыздардан кем калбай таң калышкан.

Видел это сегодня в Томске. Летело с запада на восток. В какой-то момент "хвост" растворился и дальше полетела яркая звезда. Через несколько минут в новостях прочел, что с Байконура ракетоноситель запустили с космонавтами. Наверное это было оно. Хочу верить в это! Я видел ракету!!!) #ракета #космос #красота #жизньпрекрасна #ночь #супер #инстатаг #инста #небо #space #instagood #photooftheday #beautiful #followme #instaday #follow4follow

Публикация от Portopalo (@prostoportopalo)