Өзгөн: Борбордук базардагы өрт дээрлик өчүрүлдү

Өзгөн базарында 29-июль күнү эртең менен чыккан өрт түшкө чейин дээрдик өчүрүлүп калды. ӨКМнин кызматкери бир аз жараат алган.

ӨКМнин Ош облусу боюнча жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Сабиржан Курбанбаев Kloop.kgге кабарлагандай, өрт дээрлик өчүрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн келип чыгуу себептерин изилдеп жатат.

Өрт чыкканы тууралуу 29-июль күнү саат 4:40та билдирүү келип түшкөн соң базарга жети өрт өчүргүч тобу жөнөп кеткен.

Тилсиз жоодон базардын 2000 чарчы метри күйүп кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: