Адам сатуу жана диктатура: Америкалык сериалда Кыргызстан кандай чагылдырылган?

Кыргызстан америкалык «Мамкатчы айым» аттуу сериалынын эпизодунда көрсөтүлдү. Жалган президент Кенатбек Ногоевдин башкаруусунда өлкөдө аялдарды секcусалдык кулчулукка сатуу, мыйзамсыздык жана кылмыш уюмдары гүлдөп кеткен.

«Мамкатчы айым» сериалынын үчүнчү сезонундагы 18-эпизодунун биринчи секундаларында окуя «кайсыл бир Кыргызстанда» деген титрлер менен башталат.

Тасмада адам сатуучулар уурдап кеткен азиат кыздын ыйлап жатканы көсөтүлөт. Андан соң кадр АКШга өтүп, америка бийлиги аталган кылмышкерлерди колго түшүрүүнү көздөп жатканы чагылдырылат.

Башкы каарман мамлеккеттик катчы Элизабет Адамстын ролун жараткан актриса Теа Леони Кыргызстанды «адам сатуу өтө эле өнүккөн» өлкө катары эскерет.

Ал эми Кыргызстандын сериалдагы башчысы Кенатбек Ногоев авториритаризмди колдоо менен «Орусиянын камчысын чапкан» адам катары сүрөттөлөт.

https://www.facebook.com/gukushka/videos/10154686530761406/

Президент көз карандысыз ЖМКлардын ишмердигин бууп, ал эми өз энесинин туулган күнүн улуттук майрам кылып салат.

Сериалга чыныгы окуялар дагы киргизилген, мисалы Канада Кыргызстандын алтын кен тармагынын инвестору катары көрсөтүлгөн (Канадалык «Центтера» компаниясы Кумтөр кенинин 77% акциясына ээлик кылат).

«Мамкатчы айым, сиз түшүнбөй жатасыз. Кыргызстан башка Борбор Азия өлкөлөрүнө окшош эмес. Биз көчмөнбүз, өзүбүзгө өзүбүз кам көрөбүз. Казакстан — мына ушул жакта адамдарды сатышат», — дейт президент Ногоев.

Сериянын жүрүшүндө адамдарды кулчулукка саткандарды колго түшүрүүнү баштоо үчүн АКШ бийлиги президент менен кызматташтыкты жакшыртуу аракетин көрөт.

Бирок мамлекеттик катчы менен анын командасынын аракети текке кетет, анткени президент Ногоевди өлкөнүн абалы тынчсыздандырбайт, ал эми кыргыз милициясы кылмышкерлерди жаап-жашырып алардын жоопкерчиликтен кетүүсүнө шарт түзүп берет.

Америкалык «Мамкатчы айым» сериалы CBS телеканалынан 2014-жылдан бери көрсөтүлүп келет жана төрт сезондон турат.

Тасмада БЧБда (Борбордук чалгындоо башмармалыгы) иштеген аял жөнүндө айтылат. Ал президенттен мамлекеттик катчылык кызматты аркалоо сунушуна чейин саясаттан четтеп БЧБдан кетүүнү чечет.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: