Ысык-Көл: Балага кол көтөргөн адамдын сабалганы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция Ысык-Көлдүн жээгиндеги мушташ боюнча кылмыш ишин козгоду. Эс алып жүргөн адам тогуз жаштагы баланы эскертүү бергени үчүн чаап салган. Алыс эмес жерде жүргөн үч чоң бала өспүрүмгө болушуп адамды токмоктоп салышкан.

Укук коргоо органдары Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынын кум жээгинде «бир канча адамдардын тобу алдын ала сүйлөшүп ээнбаштык кылуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Милицияга 42 жаштагы Бишкектин тургуну 20-25 жаштагы балдар токмотоп кеткенин айтып кайрылган.

Күбөлөрдүн айтымында, Ысык-Көлдүн тургундары менен бишкектиктин ортосундагы талаш-тартыш, анын баласы көл жээгинде сууга заара ушаткандан кийин башталып кеткен.

Жакын өтүп бара жаткан жергиликтүү тогуз жаштагы бала заара ушаткан баланын атасына «баласын начар тарбиялаганын» айтып эскертүү берген.

Жооп катары 42 жаштагы Бишкектен келген киши аны чаап салган.

Бул окунянын күбөлөрү балага болушуп кол көтөргөн адамды сабап салышкан.

Бирок бишкектик адамдын кызы Айдай Андашева «Фэйсбук» коомдук тармагына көл жээгинде иштеген бир канча балдар «улууларды чагымга түртүшкөн» деп жазган.

Андашева урушту видеого тартып, тогуз жаштагы өспүрүм ага болушкан башка балдар менен биригип алып атасын бетке тепкилегенин жазып чыгарган.

«Баланы чапканын ким көрдү? Ал менин үй-бүлөмдү сөгүп, жаман сөздөрдү айта баштаганда аны түртүп коюшкан», — деп жазган ал.

Андашева кичинекей бала көлгө заара ушатканын четке кагууда.

«Биз балдарыбызды көлгө жана анын жээгине заара ушатпай, ажаатканага барууну же адамдар жүргөн жерден 200 метр ары басып барууга үйрөтөбүз», — деп жазган ал.

Анын айтымында, 30 бала атасын, апасын, сиңдисин кошуп бүткүл үй-бүлөсүн токмоктоп салышкан.

«Биз барыбыз ур-токмокко алынып көгала болдук. Менин мурдум, атамдын бет жаагы сынды, апамдын жеңил даражадагы баш мээси чайкалды», — деп жазган Андашева.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=367654350317986&set=a.211761045907318.1073741830.100012202719479&type=3&theater

Бишкектин тургуну чаап салган тогуз жаштагы баланын энеси дагы милицияга арыз жазган.

Авторлош: Самат Салиев.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: