Жээнбековдун аймактарга барган сапарларында үгүттөө белгилери табылган жок

Боршайкомдун билдирүүсү боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аймактарга чыгып эл менен жолукканда үгүт иштеринин эрежелерин бузган жок. БШК бул нерсени Жээнбековдун азырынча президенттикке талапкер катары каттала электигин айтып түшүндүрүүдө.

БШКнын арыздарды кароо боюнча тобунун жетекчиси Алмаз Асанбаев билдиргендей, Жээнбеков өлкөнүн аймактарына чыгып административдик ресурс колдонуу менен үгүт иштерин жүргүзгөнү боюнча дадилдер жок.

«Учурда ал өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жатат. ЖМКлар болгону анын өкмөттөгү ишин чагылдырууда. Өзү үчүн добуш берүүгө чакырыктар болгон жок. Азырынча бардык иш аракеттер мыйзамдын чегинде болууда», — деди ал «Азаттык үналгысына» курган маегинде.

Асанбаевдин айтымында, Жээнбеков президенттикке талапкер катары катталгандан кийин премьер-министрлик кызматтан кетүүсү керек.

Мурдараак парламенттин депуттары 21-августта жаңы өкмөт башчыны шайлаш үчүн кезексиз жыйынга чогулушаарын билдиришкен.

Буга чейин «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» коомдук уюмунун активисттери БШКга арызданышкан.

Жарандык активисттер Жээнбеков премьер-министрлик кызматты шайлоо алдындагы үгүт иштерине пайдаланып, шайлоо жөнүндөгү мыйзамды бузуп жатат деп эсептешет.

Жээнбековду президенттикке талапкер катары КСДПнын съездинде 15-июлда чыгарышкан.

Аны бир гана партиялаштары эмес учурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы колдоп, бул «өлкө үчүн жакшы тандоо» болот деп билдирген.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышууну каалаган 50 ашык адамдан арыз түшкөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: