Бишкек: Бийлик жол куруу үчүн 90го жакын бак-даракты кыят

Бишкек мэриясы шаардын түштүгүндөгү (Сууну жээктеп салынган) Малдыбаев көчөсүндө жол салуу үчүн 92 бакты кыят. Ошондой эле шаардын борборундагы Турусбеков көчөсүндө кыйроо алдында турган 93 бак кыйылды. Шаардын бийлиги кыйылган бактардын ордуна 300 өсүмдүк отургузууну убада кылышууда.

«Зеленстройдун» башкы агроному Элнура Жолдубаева Kloop.kgге курган маегинде, адистер Малдыбаев көчөсүндө болгону 37 бак-даракты жараксыз деп тапкан.

«Кыйроо алдында турган бактар баары бир алынмак, азыр алар кыйылды. Калганын жолду реконструкция кылуу үчүн алынат», — деди ал.

Жолду реконструкция кылуунун схемасы.

Жолдубаеванын айтымында, куруучулар жолду, жолдун жээктерин жана ирригация тутумдарын кошо оңдошот.

«Жергиликтүү тургундар бактардын кыйылышына каршылыктары жок экенин билдиришти, ал эми райондун акими менен жолугушууда алар ирригация тутумдарын калыбына келтирүүнү суранышты», — деди Жолдубаева.

«Зеленстрой» кыйылган бактардын ордуна 150 жаңы кайың, мажурум тал жана клён бактарын отургузууну убада кылууда.

Ошондой эле шаар бийлиги Турусбеков көчөсүндө 93 бак-даракты кыйышты. «Зеленстройдон» билдиришкендей, бул бактардын жараксыздыган улам кезектеги кыюу иштери жана ал жакын жердеги жолдордун оңдолушу менен байланыштуу эмес.

Жолдубаеванын билдиргенине ылайык, Турусбеков көчөсүнө дагы 150 жаңы бак-дарактар тигилет.

Анын айтымында, бактарды 22 градус жылуулукта гана отургузууга болот, ошондуктан жай мезгилдеринде бак тигүү көп жүргүзүлбөйт.

Мурдараак шаар бийлиги жолдорду оңдоп-түзөө иштери үчүн эки көчөдө 200гө чукул бак-дарактарды кыйышкан. Бактарды кыюуга активисттер менен катар жергиликтүү тургундар жана экологдор нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Анда милиция 10 адамды кармап, сот аларга эскертүү өкүмүн чыгарган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: