Шайлоо-2017: Президенттикке талапкерлерди каттоо аяктады

Боршайком президенттикке талапкерлерден документтерди кабыл алууну токтотту. Бардыгы болуп президенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны 59 адамды түздү.

БШКга документтерин тапшыргандардын арасынан 11 гана адам партиянын атынан көрсөтүлгөн, калган 48и өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен аттангандар.

Партиялардын атынан көрсөтүлгөндөрдүн арасында КСДПдан Сооронбай Жээнбеков, «Ак Шумкар» партиясынан Темир Сариев,  «Өнүгүү — Прогресс» партиясынан Бакыт Төрөбаев, «Ата Журт» партиясынан эки талапкер Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев жана башка талапкерлер бар.

Шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен «Республика» партиясын башкарган Өмүрбек Бабанов, оппозициячыл жана «Ата Мекен» фракциясынын башчысы, учурда УКМКнын убактылуу камоочу абагында коорупцияга шектелип отурган Өмүрбек Текебаев бар.

Мындан тышкары, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого аттангандардын ичинде укук коргоочу Рита Карасартова жана Борбор Азия Университетинин негиздөөчүсү Камила Шаршекеева дагы бар.

Ошондой эле, шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жеке адвокаттар, пенсионерлер, коомдук фонддордун башчылары, жумушсуздар жана башкалар аттанышкан. Толук тизме менен бул шилтеме аркылуу таанышканга болот.

Эми президенттикке талапкерлерлер 1-сентябрга чейин өздөрүн колдогон жарандардан 30 миң кол белгилерин топтоп, бир миллион сом өлчөмүндө шайлоо фондуна күрөө төгүп, кыргыз тили боюнча мамлекеттик сынак тапшыруулары шарт.

Эгерде катышуучу бардык талаптарды аткарбаса БШК аны талапкер катары каттоодон баш тартып, шайлоого катышуу укугунан ажырайт.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: