Бишкек: Ботаникалык бакта өрт өчүрүлдү

Бишкетин Шабдан Баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ботаникалык бактын күйүп кеткен аймагы беш-алты гектар жерди түзөт. Өрт канча аймакты каптаганы такталууда жана жабыр тарткандар жок.

Маалымат саат 19:25 жаңыртылды.

Ботаникалык бактын экологу Дмитрий Ветошкин Kloop.kgге өрт саат 18:20 өчүрүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, бакчанын кызматкерлери өрттү сууга чыланган бак-дарактардын бутактары менен өчүрүп жүрүшкөн. Тилсиз жоо бакчанын көпчүлүк аймагын каптап кеткен.

«Бутактар менен өчүрүү натыйжалуу эмес, бирок суу жок. Биз өрттү токтотуу үчүн жөн гана бутактар менен чапкылап жаттык. Өрт өчүргүчтөр кайсыл жер болбосун жардам берип жатышты, бирок алардын машинасы өтө албаган жерлерге өзүбүз чыгып жаттык», — деди ал.

Ветошкиндин айтымында, учурда канча жер күйүп кеткени тактала элек.

«Көбүнчө чөптөр менен чогултулган өсүмдүктөр күйүп кетти. Бирок биз аларды калыбына келтирүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз», — деди ал.

Ветошкин билдиргендей, күндүн ысыгынан өсүмдүктөр күйүп кетип жаткандыктан, бакча кызматкерлеринин сугарганга алдары жетпей жатат. Алар кол менен жакын жердеги арыктардан суу таашып жатышат.

https://www.facebook.com/dmitry.vetoshkin.5/posts/1417042428351709

«Арча» фондунун кызматкери Зухра Якупбаева Kloop.kgге билдиргендей, өрт саат 16:30 чамасында башталган.

Анын айтымында, өрттү өчүрүү мүмкүн болбой жатат, анткени ботаникалык бактын аймагында суу жок.

«Бардыгы күйүп жатат, бактар, ит мурундар жана бадалдар. Өрт өчүргүч машиналар кире албай жатышат. Болгон колубуздан келген нерсе — өрттү бак-дарактардын бутактары менен өчүрүү. Арыктарда суу бар бирок ал ыраак жакта жайгашкан. Ботаникалык бактын өзүнүн аймагында суу жок», — деди ал.

Өрт өчүрүү кызматынан Kloop.kgге билдиргендей, окуя болгон жерге эки өрт өчүргүч техника жөнөтүлгөн, өрт Ботаникалык бактын беш-алты гектар жерин баскан. Учурда өрттүн чыгышынын себептери белгисиз.

Буга чейин, 31-июлда Ботаникалык бакта эки гектар кургак чөп өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүлбөй ыргытылган тамекиден улам чыккан.

Авторлошу: Самат Салиев.

Сүрөт: “Инициатива Арча”.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: