Кыргыз балбаны дүйнөлүк жаштар чемпионатында коло медал жеңди

Кыргызстандык Акбар Кенжебек уулу күрөш боюнча дүйнөлүк жаштар чемпионатында коло медал жеңип алды. Эркин күрөш боюнча үчүнчү орунга болгон кармашта Акбар орусиялык Аслан Минкаиловду жыга алган.

Турнирдин ¼ финалында Акбар Кенжебек уулу азербайжандык Шахин Мухтаровго 0:10 эсебинде утулуп калган. Азербайжандык балбан кийинки кармашууда жеңип финалга чыга алган, ал эми Акбар турнирдин коло медалы үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Биринчи раундда кыргызстандык эч кыйналбастан канадалык Киеран Имраномду 10:0 эсебинде жеңген.

Коло медал үчүн күрөшүүдө Акбар Кенжебек уулу орусиялык Аслан Минкаилов менен беттешкен. Таймаштын соңуна он секунд калганда, кыргызстандык орусиялык каршылашын кулатып жеңишти өзүнө ыйгара алган.

Финалдык кармашууда турнирдин алтын медалын Акбар Кенжебек уулунун биринчи атаандашы Шахин Мухтаров алып кеткен. Ал армениялык Карен Зурабянды артта калтырган.

Бул медал азырынча Кыргызстандын улуттук курамасында биринчиси гана. Экинчи таймаш күнү беттешүүгө (55 кг) Алмаз Сманбеков, (66 кг) Азиз Рыскелди уулу жана (84 кг) Чыңгызбек Паизов болгон үч кыргыз балбаны чыгат.

Азиянын күрөш боюнча жаштар чемпионаты 1-6-августка чейин (Финляндиянын) Тампер шаарында өтүүдө. Андан соң, эки аптадан кийин Парижде улуулардын арасындагы күрөш боюнча чемпионат өтөт, ал жакта дагы кыргыз балбандары медалдар үчүн күч сынашат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: