Боршайком менен сот ТИЗОдо отурган оппозициячыл Өмүрбек Текебаевди сөзсүз түрдө берилчү мамлекеттик тил сынагына ким алып бараарын чече албай жатышат. Буга чейин БШК бул маселени сот чечет деп билдирген, бирок соттун айтымында бул Боршайкомдун ыйгарым укугу.

Текебаевдин өкүлү Алмазбек Жолдошбеков оппозиционердин ишин карап жаткан Биринчи май райондук сотунан жооп алган.

Сот бул боюнча оппозиционерди Боршайком алып барышы керектигин айтып, аны мамлекеттик тил сынагына жиберүүдөн баш тарткан.

«Соттордун шайлоо уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле талапкерлерди тестирлөөгө катыштыруу ыйгарым укуктары жок. Ошондуктан соттор Борбордук шайлоо коммисиясынын укуктарын аткара албайт», — деп жооп берди сот Айбек Эрнис уулу.

Жолдошбеков кайрадан БШКга маселени чечип берүүнү суранып кайрылган. Мурдараак БШК Текебаевди сынакка алып барууга укугу жок экенин айтып, сотко кайрылууну сунуштаган.

«Камакта отурган адамдардын тест тапшыруусу боюнча укуктук механизмдер жок. Муну парламент түшүндүрүшү керек же сот аныктама чыгарып ошол укуктун булагы болот калат. Биздин укуктук ченемдерден тышкары чыгуубуздун натыйжасы жаман болот», — деп айтты БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Kloop.kgге курган маегинде.

Оппозициячыл саясатчы жана президенттикке көрсөтүлгөн Өмүрбек Текебаевдин алты тарапташы 31-июлда ага мамлекеттик тил сынагын тапшырууга мүмкүнчүлүк берүү талабын коюп ачкачылык жарыялашкан. Тест тапшыруу 10-августка дайындалган, бирок азырынча камактагы саясатчынын ага катышаары белгисиз.

Эгерде Текебаев тил сынагын тапшырбаса, БШК саясатчыны президенттик шайлоого катышуу үчүн каттай албайт.

Текебаевдин иши

Оппозициялык «Ата мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталып камакта жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны 2017-жылдын февраль айында кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алып, ага «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк берүүнү убада кылган.

Саясатчы менен анын тарапташтары бул ишти Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбоо укугунан ажыратуу үчүн атайын саясий буйрук деп сыпатташууда. Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаев жүргүзгөн саясаттын башкы сынчыларынын бири.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: