Сот Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратты

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы депутат Садыр Жапаровду 11 жыл жана 6 айга эркинен ажыратты. Ал 2013-жылы Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча күнөөлүү деп табылды.

Өкүм чыккандан кийин Жапаров соттун чечими «саясий буйрук» экенин билдирди.

Мурдагы депутат Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча күнөөлүү деп табылды.

Жапаров кошумча жазык кодексинин «Өлтүрүү менен коркутуу», «Ээнбаштык» жана «Бийликке каршылык көрсөтүү» беренелери боюнча акталды.

Жапаров өзүнүн акыркы сөзүндө соттук отурум эреже бузуулар менен өткөнүнө арызданды. Мисалы жактоочу тараптын негизги эки күбөсү суралбай, сот отурумун тездетүү аракети болгон.

«Мени түрмөгө отургузганыңар менен саясатчылар азайып кетпейт. Эртең дагы башка бирөө бул маселе менен алектенет. Болгону кеч болуп бара жатат мына ушул нерсе мени кейитет», — деди ал.

Мурдараак айыптоочу тарап Жапаровду 15 жыл күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүнү суранган.

Бийлик Жапаровду 2013-жылы Каракол шаарында башаламандыктарды уюштурууга күнөөлөп жана ал өзү Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору болгон Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга буйрук берген деп эсептейт.

Бирок сотто жабырлануучу катары көрсөтмө берген Каптагаев Жапаровго эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Атайын кызмат Жапаровду 25-мартта казак-кыргыз чек арасынан өтүп жаткан учурда колго түшүргөн. Ал УКМКга жеткирилип, ал жактан тергөө жүргүзүү убагында ТИЗОго которулган.

Саясатчы камакка алынганда Жапаровдун жүздөгөн тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына аны бошотууну талап кылып чыгышкан. Митинг милиция менен каршылык акциясына чыккандардын ортосунда тирешүү менен аяктаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: