Ош мэриясы: Шаардыктардын документтери текшерилбейт

Мурда ЖМКларга билдирилген маалыматтарга карабастан, Ошто шаардыктардын документтери текшерилбейт. Мэрия жөн гана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кулчулукка каршы маалымат баракчаларын таратууда.

Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн орун басары Салтанат Аманова Kloop.kgге курган маегинде, шаардыктардын эч кандай документтери текшерилбестигин билдирди.

Анын айтымында, «Азаттык үналгысынын» журналисттери кварталдык комитеттер Ошто жарандардын документтерин текшерип жаткандыгы боюнча, «туура эмес маалымат» таратышкан.

«Биз шаарда жөн гана адам уурдап сатууга каршы маалымат кампаниясы башталганын айтканбыз […] Бул кампаниянын алкагында биз тегерек столдорду өткөзүп, жарандар өзүлөрүн кантип коопсуздандырып жана кайсыл жакка, кимге кайрылуулары керектиги камтылган маалымат баракчаларын тарката баштадык», — деди ал.

Аманова билдиргендей, ал журналисттерге жумуш берүүчүлөрдүн паспортторун жана лицензияларын текшерүү канчалык маанилүү экенин айтып берген.

«Бизде ар кандай шылуундар толтура, ошондуктан дайыма иштешкен адамдардын документтерин текшерүү керек», — деди ал.

Ош мэриясы «100 күн адам уурдоого каршы» кампаниясын жүргүздү, эми социалдык кызматкерлер Ош облусунун алыс жайгашкан аймактарына барышат.

Орто Азия Евразия Фондунун (ОАЕФ) маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын беш миңге жакын адам уурдоо фактысы катталат.

Ошондой эле, 2010-2012-жылдар аралыгында 124 өлкөдө адам уурдап сатуу фактылары катталган. Бул мыйзамсыз иштен түшкөн кирешенин өлчөмү жылына 32 миллиард АКШ долларын түзөт. Бул каражаттын ичинен үч миллиард доллар адамдарды сексуалдык кулчулукка сатуудан түшөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: