Рейд учурунда журналист сабалып, кол салгандар кармалды

Radar.kg басылмасынын башкы редактору Карачач Шакирова милиция менен болгон рейд учурунда сабалды. Кол салгандарга карата бейбаштык беренеси боюнча кылмыш козголду.

Маалымат 21:00 жаңыртылды. "Лабрис" укук коргоо уюмунун комментарийи кошулду.

Шакирова 2-август түнү милиция кызматкерлери менен бирге Токтогул-Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан турак жайга чакыруу түшкөндө барган учурда сабалган. Жашоочулар батирлердин биринде жаш балдар ызы-чуу салып жатканына арызданышкан.

«Менин байкашымча подъезддин алдында бир кыз отурган. Ал ыйлап жанагы батирде аны капа кылышканын айткан. Милиционер тыкылдатканда, эшикти башкача көрүнгөн бир кыз ачты. Андан кийин мен ал аял кийимчен эркек адам экенин түшүндүм. Ал милиция кызматкерин бетке чаап салды», — дейт Шакирова.

Кийинчерээк, Шакирова «Кактус» басылмасына курган маегинде, аны таш менен башка чабышканын айткан.

«Съёмка учурунда мага гейлер менен транссексуалдар кол салышып, мени токмоктоп, камераны талкалап, менин кийимдерим менен зер буюмдарымды жулуп алышты», — деп айткан Шакирова

Кол салуудан кийин журналист ооруканага кайрылып, ал жактан ага мээси чайкалып жана ар кандай оор жаратта денеси көгөргөн деп диагноз коюшкан.

Шакирова Фейсбук барагында «гейлер менен транссексуалдарды» өзүнө кол салгандыгы үчүн күнөөлөп жазганда, анын постунун алдына нааразы болгон коомментарийлер жазылган. Мындан тышкары журналист милиция кызматкерлери кармалган ЛГБТ мүчөлөрүн шылдыңдаган архивдик видео тасманы жарыялаган.

«Жөнөтүлгөн малай»

«Лабрис» укук коргоо уюму журналистке кол салган адамдарды башкача чөйрөдөгү адамдар деп атап жазган постун айыптап чыккан.

Укук коргоочулардын айтымында, Шакирова ЛГБТ өкүлдөрүн биринчи жолу «кодулоого үндөп» жаткан жок.

«Эки жыл мурун ал "Дело №" гезитинин кызматкери болуп турган учурда, штабда гомофобия жана трансфобияга каршы туруу жумалыгындагы кино тасма көрсөтүлгөнү боюнча ачык эле жалган макала жазып жарыялаган. Ал Азиза Кулуева деген жашыруун ат менен өзү айткандай "жөнөтүлгөн малаймын" жана лесбиянкамын деп кино көрсөтүүгө келген», — деп айтышты уюмдан.

«Лабристе» ошондой эле Шакирова 2015-жылы «Кырк Чоро» улутчул кыймылынын мүчөлөрүн ЛГБТнын өкүлдөрүнө жиберген деп белгилешет. Анда алар ЛГБТ коомунун жабык иш-чарасына кирип барышып, анын катышуучуларына кол салышкан.

Укук коргоочулар Шакированы жана башка журналисттерди кесиптик эрежени бузбоого жана коомчулукта кастыкты козутпоого үндөшкөн.

Кол салгандар кармалды

ШИИБдин басма сөз катчысы Адыл Оморов Kloop.kgге курган маегинде, жаш балдар бир гана милиция кызматкерлерине эмес жана журналистке дагы кол салышканын билдирди.

«Алар милицияга баш ийбей, күч колдонуп тартип кызматкеринин кийимин айрып салышкан», — деп билдирди ал.

Оморов билдиргендей, кол салгандар дароо эле кармалып убактылуу кармоочу изоляторго жеткирилген.

Аларга каршы «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, Оморов кол салгандардын чөйрөдө кандай багытта жүргөнү тергөө ишинин жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

«Чөйрөдө кандай багытта жүрүшкөнүндө эмне айрыма бар, алар кадимкидей эле жарандар», — деди ал.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: