«Деспасито» Youtubeда эң көп көрүлгөн ырлардын бири болду

Пуэрторикалык музыканттар Луис Фонси менен Дэдди Янкинин «Деспасито» аттуу ыры жарым жыл ичинде «Ютубда»  3 миллиарддан ашуун жолу көрүлгөн. Ал эми «Амазон», «Гугл плэй» жана «Эппл мьюзик» музыкалык түйүндөрүндө бул ыр 4,6 млрд жолу коюлган.

Аталган ыр үстүбүздөгү жылдын 13-январында жаралып август айына чейин (материал чыккан убакытта) Ютубда эң популярдуу ыр болуп 3 005 606 587 жолу көрүлгөн.

Луис Фонсинин эмгеги Уиз Халифа жана Чарли Путтун «See You Again» атту биринчиликте турган ырын сүрүп чыгарган.

«Форсаж» кинотасмасынын жол кырсыгынан каза тапкан актёру Пол Уокерге арналган саундтреги июль айында видеохостингде эң көп жолу көрүлүп, түштүк кореялык музыкант Пак Чэ Санды (PSY) артта калтырган.

PSYнин жана анын «Gangnam style» ыры Youtubeда беш жыл бою биринчиликте кармалып турган.

«Деспаситонун» аткаруучусу Би-Би-Си басылмасына мындай «чоң ийгиликке» жетишээрин күтпөгөнүн айткан.

«Кандайдыр бир шумдук». Бул «Кокустук» деген сөздү пайдалангым келген жок, анткени мен хитке айланган ырды жазууну каалагам, бирок мындайды күткөн эмесмин. Болгону адамдар бийлеп турганын каалагам», — дейт ал.

Ыр ушунчалык популярдуу болгондуктан интернетте анын көптөгөн кавер-версиялары пайда болгон.

Канадалык поп-аткаруучу Жастин Бибер ырдын англисче түрүн жазган, бирок жандуу үн менен испан тилинде аткара албай койгон.

Ырды Кыргызстанда дагы аткарып чыгышкан.

Толгонай Арзыкеева бул ырды ырдап «Инстаграмга» жүктөгөн, бүгүнкү күнү аны 300 миңден ашуун көрүүчү көргөн.

Толгонайдын айтымында, ал өзүнүн видео тасмасы мынчалык популярдуу болуп кетээрин күткөн эмес. Ал эми Толгонайды учурда Казакстан менен Орусиянын продюссерлери кызматташууга чакырып жатышат.

«Бул ыр өз кезегинде мен жактырган бир адамга жагат. Ошондуктан мен ал үчүн ырдап берүүнү чечкем. Андан кийин видеону жөн эле өз барагыма жүктөп койсом, аны көрүүчүлөр көрө баштап коомдук түйүндөрдө талкууга алына баштаган», — деди ал.

«Деспасито» ырын жада калса кыргыз комузу менен чертип чыгышкан. Чолпон Мелисбекова беш жашынан бери музыка менен алектенет, кичинекей кезинет тартып колуна шыпыргы алып алып комузда ойноп жатканын элестете берчү.

«Мен үй-бүлөөм менен Ысык-Көлдө эс алып жүргөм жана кылаарга иш жок болуп калган учурда колума комузду алгам. Мындай бир жаңы нерсени каалап "Деспаситону" эстеп кеттим. Абдан жагып калгандыктан видеого тартууну чечтик, анан мен видеону кайра тартууну суранганыма болбой жолдошум интернетке жайгаштырууну сунуштап туруп алды. Негизи бул видео халат, жоолукчан отурган учурда жөн гана өзүм үчүн тартылган», — деп айтат Чолпон.

Чолпондун видео тасмасы «Ютубда» 48 миң жолу көрүлгөн.

Кыргызстандык Ажар Исаева «Деспасито» ырын салттуу гавай гитарасы менен аткарган.

«Бул ыр жөн гана мага жакчу, актуалдуулугун жогото электе видеого тартып коюуну чечкем. Бирок менимче бул ыр учурда барын тажата баштаса керек», — деди Ажар.

Анын айтымында, ал музыка менен жакында эле алектене баштаган, болгону бир жыл, бирок бул тармакта өсүүнү каалайт. Ажар жакындан бери укулеледе (кичинекей гавай гитарасы) ойногонду үйрөнө баштаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: