Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнөлүк жаштар чемпионатында алтын медал жеңип алды. Улуттук кураманын куржунуна коло медалды 67 кг салмактагылар арасында Мээрим Жуманазарова алып келди.

Азиянын күрөш боюнча жаштар чемпионаты 1-6-августка чейин (Финляндиянын) Тампер шаарында өтүп, учурда кыз келиндер арасындагы таймаш башталды. Улуттук кураманын куржунуна дароо эки медалды Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазорова алып келишти.

Кыз келиндер арасындагы турнирдин финалында Айпери Медет кызы Швециядан келген спортчу Дениз Сабина Макота Строемди жыгып, анын артынан дароо эле эч кыйналбастан италиялык Елена Пьоллайды 8:0 эсебинде жеңип алган.

Жарым финалда кыргыз спортчусун орусиялык Кристина Шумовой менен беттешүү күтүп турган. 26 секунд болгон кармашууда Медет кызы 10 упай топтоп күтүүсүз жеңишке жетишкен.

Финалдык кармашта Айпери Медет кызы жапониялык Ясуха Мацуюкиге каршы чыккан.

Оор кармашта кыргызстандык балбан кыз таймаштын акыркы секундаларында эсепти теңдегенге жетишип, андан соң дүйнөлүк чемпионаттын алтын медалын каршылашынан сууруп алган.

Төртүнчү таймаш күнү дагы Кыргызстандын куржуну дагы бир коло медал менен толукталган. Турнирдин 67 кг салмактагылар арасындагы таймашында учурдагы Азия чемпиону Мээрим Жуманазорова үчүнчү орунга чыккан.

Турнирдин ⅛ жана ¼ финалдарында, кыргызстандык Германия менен Франциянын спортчу кыздарын жеңип алган.

Жарым финалда Жуманазарова Панамерика оюндарынын вице-чемпиону кубалык Юдари Санчез Родригезге 2:5 эсебинде утулуп калган.

Чемпионаттын коло медалы үчүн күрөштө кыргызстандык Норвегиянын өкүлү Хеда Хауг Странг менен таймашып аны 10:0 эсебинде жеңип алган.

Мээрим Жуманазарова

Аталган турнирде Мээрим Жуманазарова утуп алган коло медал, Кыргызстан курамасынын экинчиси болуп калды. Биринчи коло медалды 1-августта 50 кг салмакта беттешке чыккан Акбар Кенжебек уулу жеңип алган.

Бешинчи таймаш күнүндө грек-рим күрөшү боюнча балбандардын кармашуусу башталат.

Азиянын күрөш боюнча жаштар чемпионаты 1-августта Финляндияда башталган жана 6-августка чейин уланат. Биринчиликте Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышып жатат.

Сүрөт: United World Wrestling

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: