Президент Шавкат Мирзиеёв Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылып жабыр тарткан өзбекстандыктардын артынан ӨКМдин учагын жөнөттү. Аларды Ташкенге алып кетип ооруканага жаткырышкан.

Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган өзбекстандыктарды алып кеткен учак 5-август күнү эртең менен Ташкенде конду.

Учак конгондон кийин жабыр тарткандардын бири 10 жаштагы Игорь Орловду шаардык ооруканалардын бирине жаткырышты.

Доктурлар тобунан турган ӨКМнин учагы жабыр тарткан өзбек жарандарын алып кетүүгө президент Шавкат Мирзиеёв жеке өзү жөнөткөн.

Өзбекстандын жарандары 3-августта жол кырсыгына кабылышкан. Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылынын жанында өзбек бийчилерин ташыган кичи автобус менен жеңил машина сүзүшкөн.

Кырсыктын натыйжасында 18 адам жабыркап, эч ким каза тапкан эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Балыкчы шаардык ооруканага ар кандай жараттары менен 9 адам жеткирилген, алардын ичинде 6 өспүрүм бар. Калган жабырлануучуларга окуя болгон жерден жардам көрсөтүлгөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: