«Азаттык үналгысы»: Көмүскө казинолорду колдогон "кожолор"

Жарандык активисттер Кыргызстанда тыюу салынганына карабастан жабык иштеген казинолордун ишмердиги күчөп жатканын билдиришүүдө.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн.

Кумар оюндары адатта, интернет клуб же башка бир оюн-зоок мекемеси катары катталып алып, көмүскөдө иштеп, ага барган оюнчулардын саны көбөйүп жатканы айтылды. Мунун кесепетинен карызга батып, үй-мүлкүн күрөөгө койгон жана тагдыры талкаланган жарандардын үй-бүлөлөрү даттанып, тез арада чара көрүү талабын коюшту.

Оюн курмандыгынын ою

Жүзүнө беткап кийип, ысымын шарттуу түрдө Рамзан деп тааныштырган жаш жигит өзүн кумар оюндарынын курмандыгы катары эсептейт.

Ал учурда Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө сыртынан интернет клубдары, көрнөк-жарнак агенттиктери жана оюн-зоок кеңселери сыяктуу жабдылган жайларда жабык түрдөгү казинолор иштеп жатканын айтып чыкты.

Рамзандын айтымында, бул көмүскө кумар оюндарынын жабык тармактары аталышы көрсөтүлбөгөн жайларда жайгашкан. Рамзан казинолор алдамчы комбинациялар аркылуу адамдарды кумар оюндарына азгырып жатканын айтты.

Рамзан өзү жакын туугандарынын жардамы менен гана кумар оюндарынын азгырыгынан кутулган. Ал бул социалдык оорунун кесепеттери оор болгонун төмөндөгүчө баяндады:

- Достор менен кызыгып казинолордун бирине кирип, башында аз-аздан утуп жүрдүм. Оюн кызуусуна киргенде чоң өлчөмдөгү акчаны уттура баштадым. Бир миллион сом утуп алып, аны кийинки күнү уттуруп, аны чыгарып алам деген ишеним менен кайра анын үстүнө 2-3 миллион сомду киргизип жибергенимди туйбай калдым. Өткөн эки жыл аралыгында 60 миң доллардан ашуун акчаны ушинтип жок кылдым. Анан ар кимден ири өлчөмдө акча алып, карызга баттым. Карыздан кутулуу үчүн жакындарым автоунаасын, үйдү жана жер тилкелерин сатышты. Адам акча таппай калганда кумар ойноо үчүн аргасыздан уурдап же бирөөнү карактагысы келип калат экен.

Соңку мезгилде Бишкектеги "Сезим" кризистик борборуна кумар оюндарынан жабыркаган үй-бүлөлөр кайрылып, оюнга азгырылган жакындарын жай турмушка кайтарууга жардам сураган учурлар көбөйгөн.

Бул борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жабык кумар оюндарын уюштурган мекемелерге укук коргоо органдары көз жуумп жатканын байкаган.

Бүбүсара Рыскулова адатта мындай көмүскө жайларга чара көрүүгө кызыкдар тартип сакчылары аны айланып өткөн учурлардын күбөсү болгонун айтты. Рыскулова кумар оюндары жайгашкан мекемелердин тизмеси жана алардын дайын-даректери тууралуу маалыматтарга тиешелүү чара көрүлбөй жатканына токтолду:

- Кумар оюндарынын кесепетинен жүздөгөн адамдардын тагдыры талкаланды. Шаардын борбордук көчөлөрүндө "Астра 37" деп коюп эле казинолор тармагы кеңири иштеп жатат. Биз барып, өз көзүбүз менен көрдүк. Бирок ичине киргизишпейт экен. Мыйзамга түкүрүп коюшкан. Биз барган учурда ал жерде милициянын оперативдүү жаш кызматкери жүргөн экен. Жагдайды түшүндүрсөк, казинону криминал калкалай турганын, алар менен байланышкысы келбесин ачык эле айтып, басып кетти. Кумарканаларды бирөө-жарым калкалабаса, алар ушунтип гүлдөп, өнүгөт беле? Ушуга күйөсүң да...

Мамлекеттик саясаттын жыйынтыгы

Буга чейин көмүскө шартта иштеген казинолордун, букмекердик же башка бир кумар оюндарын уюштурган кеңселердин бетин ачуу боюнча атайын рейддер жүргүзүлгөнү белгилүү. Буга байланыштуу айрым майда мекемелердин бети ачылып, кылмыш иши козголгон. Бирок кийин буга окшогон рейддерди өткөрүү бир жылдан ашуун убакыттан бери токтоп калган.

Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызматтын төрага орун басары Санжар Муканбетов кезинде бул тармакты көзөмөлдөө башка укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин айтуу менен чектелди:

- Казинолор расмий түрдө жок. Азыр биз эч бирине лицензия берген жокпуз. Баары жабылган. Көмүскө иштеп жатканы кылмыш жоопкерчилигине жатат. Аны мыйзамсыз экономикалык ишмердик катары каржы полициясы карашы керек. Бул ошол органдын жумушу. Алар көмүскө кумар оюндарын уюштурган тараптардын бетин ачып, анан жоопко тартышы кажет. Мындай жашыруун жайларды каржы полициясы гана текшере алат.

Анткен менен экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилиги бул жагдай тууралуу азырынча комментарий бере элек. Ал арада кумар оюндарынын азгырыгына киргендердин саны кайрадан өсүп жатканы боюнча коомчулукка коңгуроо каккандар 3-августта маалымат жыйынын өткөрдү.

Алардын айтымында, шаардын Чүй-Сүйүмбаев, Абдрахманов-Москва көчөлөрүнүн кесилиштериндеги интернет клубдарда жана сыртында аталышы көргөзүлбөгөн жайларда кумар оюндары уюштурула турганын айтып, алардын дайын-даректерин толугу менен көргөзүп берүүгө даяр экендиктерин айтышты. Бул кумар оюндарынын тармагын Сан деген лакап ат менен белгилүү бир корей тектүү адам 2008-жылдан бери уюштуруп келе жатканы белгиленди.

Ысымын атагысы келбеген Бишкектин тургуну көмүскөдөгү казинолордун ишмердигин токтотууга чакырык таштады:

- Кумар оюндарына азгырылган адам ата-энесин, жакындарын жана туугандарын укпай калат экен. Жалган сүйлөп, уурулук кылганга, карактоого жакын болуп, ар кандай кылмышка барганга даяр болуп калганына күбө болдук. Ошон үчүн коомчулуктан көмүскө түрдө уюштурулуп жаткан кумар оюндарын жабууга көмөктөшүүгө чакырат элем.

Жогорку Кеңеш 2011-жылы Кыргызстанда кумар оюндарын уюштурууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алган. Андан соң кумар оюндары оюн автоматтары аркылуу букмекердик жана тотализатордук кеңселерге көчкөн. Андан соң парламент аталган мекемелердин ишмердигине дагы тыюу салган болчу.