Милиция Ботаника багын өрттөө версиясын текшерип жатат

Бишкек милициясы Гареев атындагы Ботаника багында экспертиза жүргүзүүдө, акыркы жумада ал жакта төрт жолу өрт чыккан. Эгерде бакчаны өрттөө фактысы тастыкталса милиция кылмыш ишин козгойт.

Бишкек шаардык ШИИБнин басма сөз катчысы Адыл Оморов Kloop.kgге курган маегинде, милиция Бишкектин түштүгүндө жайгашкан Ботаникалык бакчанын техникалык-өрт чыгуу себебин текшерип жатканын айтты.

«Эгерде бакчаны өрттө фактысы далилденсе милиция кылмыш ишин козгойт», — деди ал.

Оморовдун айтымында, милиция текшерүүнү качан бүтөөрү белгисиз, эгерде текшерүүнүн натыйжасында өрттөө болгону тастыкталса укук коргоо органдары бул туурасында маалымат таркатат.

Акыркы жети күндө Гареев атындагы Ботаникалык багында төрт жолу өрт чыккан. Ботаникалык бактын кызматкерлеринин айтымында, өрт чыгуулар бакчанын аймагына ветеринардык лабораторияга куруу пландалып жатканына байланыштуу болушу мүмкүн.

Өкмөт азырынча ветлаборатория кайсы жакка салынаары боюнча акыркы чечим чыгара элек. Кытай инвесторлору ветеринардык лаборатория курууга 18 миллион АКШ долларын бөлүп берген.

Лабораторияны курууга каршы пикирин президент Алмазбек Атамбаев дагы айтып чыккан. Президенттин айтымында, Ботаникалык бак мамлекеттин кайтаруусунда жана Кыргызстандын «мурасы» болуп эсептелет.

Бийлик биринчи эле жолу Ботаникалык бактын аймагында лаборатория курууну сунуштап жаткан жок. 2011-жылы вирусту изилдөөчү канадалык биология лабораториясын куруу сунушталган. Бирок курулуш экологдор менен коомчулук тарабынан айтылган сын-пикирлерден улам башталган эмес.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: