БШК Текебаевди мамлекеттик тил сынагына жиберүү боюнча дооматын даттанат

Райондор аралык сот Боршайкомдун ТИЗОдо отурган президенттикке талапкерди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселеси боюнча аракет көрбөгөнүн тааныды. БШК бул чечимди даттанат.

Коррупцияга шектелип ТИЗОдо отурган оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин юристтери саясатчыны мамлекеттик тыл сынагына катыштырбай койгондон кийин райондор аралык сотко арызданышкан.

Текебавдин коргоочулары БШКны сынакка катыштыруу боюнча аракет көрбөй жатканын айтып күнөөлөшкөн. Кыргыз тили боюнча сынак тапшыруу 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо талапкер болуп чыгуу үчүн сөзсүз шарт болуп эсептелет.

Райондор аралык сот 3-августта БШКнын аракетсиздигин таанып, бирок Текебаевди сынакка жиберүүдөн баш тарткан.

БШКнын өкүлдөрү жогорку сотто аракетсиздик боюнча дооматты даттанат, бирок качан экени белгисиз. Боршайкомдун өкүлдөрү бул тууралуу чечимди 7-августта кабыл алган.

Соттук чемимди даттанууга БШКнын бардык өкүлдөрү макул эмес, алардын үчөө Боршайком ТИЗОдо отурган талапкерге тил сынагын тапшырууга мүмкүндүк берүүгө макул болушууда.

Бирок мамлекеттик тил сынагын тапшыруу маселесин талкууга чыгаруу үчүн Боршайкомдун мүчөлөрүнүн үчөөсүнүн эмес төртөөсүнүн добушу керек.

«БШК эрк көрсөтүшү керек»

БШКнын өкүлдөрү менен жолуккан укук коргоочулар Боршайком «саясий эрк көрсөтүп» оппозициячыл Текебаев менен башка талапкерлерди сынакка катыштырууга мүмкүндүк бериши керек деп эсептейт.

«БШК өз саясий чечими менен саясий эрк көрсөтүп мамлекеттик органдарды [талапкерлер] сынакка катышуу үчүн шарт же мүмкүнчүлүк түзүп берүүсүнө милдеттендирип бул маселесин чечиши керек», — дейт укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Эксперттердин айтымында, БШК ТИЗОдо отурган президенттикке талапкерлерди сынакка коё бербей бир гана талапкерлердин эмес кошумча шайлоочулардын дагы укуктарын бузуп жатат.

Июль айынын аягында Боршайком камакта отурган адамдардын тест тапшыруусу боюнча укуктук механизмдер жок — деп айткан БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев. Анда ал бул нерсени «мыйзамдардагы кенемтелер» деп атаган.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов камакка алуу жаранды тандоо укугунан ажыратпашы керек деп билдирди. Анын айтымында, мамлекет бул укуктардын аткарылышына мүмкүнчүлүк бериши керек жана бул нерселер сөзсүз түрдө эле мыйзамда жазылуу болушун түшүндүрбөйт.

«БШК укуктук ченемдерди жоюп толуктаган көп эле учурлар болгон. Бул жерден мен эч кандай көйгөй көргөн жокмун. Мен болгону бийлик бул ченемдердин жоктугунун артына жашынып жатканын көрүп жатам. Кошумча дагы алар адамдарды келесоо катары кабылдап жатканын көрүүдөмүн», — деди Токтакунов.

Кыргызстандын президенттик шайлоосу 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген. Учурда катоо арызын 50дөн ашык адам тапшырган, алардын арасында төрт ТИЗОдо отурган талапкер бар.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: