Сот БШКны Текебаевге карата аракетсиздик кылбоо токтомун чыгарды

Жогорку сот президенттикке талапкер болуш үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыра албай жаткан оппозициячыл Өмүрбек Текебаевге карата БШК аракетсиздик кылып жатканын тааныды.

«Сот Текебаевдин жарандык укугун камсыздаш үчүн тийиштүү чаралар көрүлүүсү боюнча чечим чыгарды. Боршайком баш тартуусун негиздеши керек же аракет көрүп башташы керек», — деп түшүндүрдү Kloop.kgге Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева.

Текебаев үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн кыргыз тили боюнча мамлекеттик сынактан өтө албай жаткан. Оппозиционер коррупцияга шектелип тергөө изолятордо отурат.

Текебаевдин тарапташтары комисииянын аракет көрбөй жатканын айтып БШКны сотко берген. Ал эми райондор аралык сот бул маселе боюнча Боршайком аракет кылбаганын тааныган.

БШК сотто аракетсиздик боюнча дооматты даттанууга аракет кылган, бирок Жогорку сот райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Бирок Жогорку соттун чечимине карабастан саясатчынын адвокаты Канатбек Азиз БШК Текебаевге тест тапшырууга шарт түзүп бербөөгө башка негиз табышы мүмкүн деп кооптонуп жатат.

«Жогорку сот БШКнын аракетин мыйзамсыз деп тапты. Бирок Боршайком [Текебаевге] сынак тапшырууга мүмкүнчүлүк бербөө үчүн кезектеги жаңы амал табышы мүмкүн», — деди Азиз.

Мурдараак Боршайком камакта отурган президенттикке талапкерлердин тест тапшыруусу боюнча укуктук ченем мыйзамда жазылган эместигин айтып жүйөө келтирген.

Президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт. Ар бир талапкер президенттикке талапкердин күбөлүгүн алып жана катталышы үчүн мамлекеттик тил сынагынан өтүшү керек.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: