Чет элдиктер интернет аркылуу Кыргызстанга виза ала алышат

Тышкы иштер министрлиги 1-сентябрдан тартып чет элдиктер үчүн электрондук виза киргизүүдө. Аны алыш үчүн элчиликтерге баруунун кажети жок болгону интернет аркылуу билдирме тапшырса болот.

Электрондук визаларды киргизүү боюнча долбоорду 9-августта Тышкы иштер министрлигинде көрсөтүү учурунда белгилүү болду.

Консулдук департамент кызматынын директору Эркин Асангулов чет элдиктер элчилик жана департаменттерге кайрылбастан интернет аркылуу виза ала алышаарын түшүндүрдү.

Ал ошондой эле, визаны үч күн калганга чейин алса болоорун убада кылды, бирок эки түрүн гана ишкердик менен туристтик.

ТИМнин маалыматына ылайык, жаңы тутум 2017-жылдын 1-сентябрынан тарта иштей баштайт.

Чет элдиктер виза алышы үчүн www.evisa.e-gov.kg сайтына кирип өздөрүнүн паспорттогу маалыматтарын, визанын түрүн, паспортту, электрондук дарегин жана сүрөтүн тиркеши керек.

Виза 30 күндөн 90 күнгө чейин берилет. Консулдук кызматтын акысын банктык карта аркылуу төлөсө болот.

«Виза алуунун баштапкы түрү кала берет, эми чет элдик визаны эки түрдө ала алат. Электрондук виза болгону эки түрдө гана берилет: "туристтик" жана "ишкердик"», — деди Асангулов.

Мындан тышкары, сайтта Кыргызстанга электрондук виза менен Бишкектеги «Манас», Ош шаардык аэропорттору жана Казакстандын чек арасы менен чектеш «Ак-Жол» өткөрмө пункту аркылуу кире алышат деп жазылган.

Азырынча чек арадан өткөндөн кийин кандай ыкма менен текшерилээри белгисиз. ТИМнин басма сөз кызматы бул суроого расмий кайрылуудан кийин гана жооп бере алышаарын билдиришти.

Ал эми «Акипресс» басылмасы, чек арадагы паспорттук көзөмөлдөн өтүүдө визадагы тиркеме керектелбесин жазган.

Бул бийликтин электрондук визаларды киргизүү боюнча биринчи убадасы эмес. 2013-жылы президент Алмазбек Атамбаев «Тышкы миграция» боюнча мыйзамга кол койгон, ага ылайык, чет элдиктер интернет аркылуу виза ала алышмак. Кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтү электрондук визаларды 2015-жылдын жаз айларында бере баштай турганын убада кылган.

Котормо Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: