Бишкектеги Гареев атындагы Ботаникалык бакча.

Акыркы сегиз күн чинде Ботаникалык бак жети жолу өрттөндү. Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймыгына ветеринардык лаборатория куруу боюнча демилгеге бакчанын жетекчилиги жана экологдор каршы чыккандан кийин бир катар өрт чыгуулар болгон. Kloop.kgнин редакциясы бардык жети эпизодду бир матриалга чогултту.

31-июль. Бийлик лаборатория куруу боюнча жарыя кылды, экологдор буга каршы

Кыргызстандын өкмөтү Ботаникалык бактын аймагында лаборатория куруу боюнча жарыя кылды.

Имарат 4 гектар жерди ээлеши керек, лаборатория Кытай тарап бөлгөн 18 миллион АКШ долларына курулат.

Бардыгы болуп бакчанын аймагына өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн изилдеген төрт лаборатория бар. Ботаникалык бактын жалпы аянты 124 гектарды түзөт.

Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциядан курула турган лабораторияда тамак-аш азык түлүктөрү боюнча эксперттер бүтүм чыгарып жана мал жандыктардын азыктарын тестирлөө өткөрүлөөрүн билдиришти.

Бирок Ботаникалык бактын директору менен экологдор жаңы лаборатория жергиликтүү айлана чөйрөгө коопту абал жаратаарын негиз кылып курулушка каршы чыгышты.

31-июль, 16:00. Биринчи өрт чыгуу, эки гектар кургак чөп күйүүдө

Ботаникалык бактын аймагында 31-июлда саат 16:00 чамасында биринчи өрт чыккан. Эки гектар кургак чөп күйүп кеткен.

Өрт чыгуунун ыктымал себебин лабораториянын аймагындагы өсүмдүктөргө өчүрүлбөгөн тамекинин ыргытылышын айтышууда. Окуя болгон учурда жабыр тарткандар жок.

1-август, 16:00. Экинчи өрт чыгуу

Эртеси күнү Ботаникалык бакчада ошол эле убакытта саат 16:00 дагы бир өрт чыккан.

Өрт бир саат өткөндөн кийин окуя болгон жерге келген өрт өчүрүү жана бакчанын кызматкерлери тарабынан өчүрүлгөн. Ал эми күйүп кеткен жерлердин так аянты аныкталган эмес. Жабыр тарткандар болгон жок.

2-август, 16:30. Үчүнчү өрт чыгуу, өрт 5 гектар жерди басты

Туура бир күндөн кийин Ботаникалык бактын аймагында так эле мурдагыдай убакта саат 16:30 чамасында, бакчанын дароо төрт жер аянтында өрт чыккан. Анда 5 гектар кургак чөп менен бак-дарактар өрттөнүп кеткен.

Өрт саат 18:20 чамасында эки өрт өчүргүч техниканын жана Ботаникалык бактын кызматкери тарабынан өчүрүлгөн. Өрттү көбүктөр жана сууга малынган бутактардын жардамы менен өчүрүшкөн. Экинчи күндөгүдөй эле өрт чыгуунун себеби такталган эмес. Эч ким жабыр тарткан жок.

5-август. Президент Ботаникалык бакта курулушка каршы чыкты

Бир катар өрт чыгуулардын кийин президент Алмазбек Атамбаев Ботаникалык бактын аймагында ветлаборатория курууга каршы чыккан.

Ал лаборатория Ботаникалык бактын экологиясына зыянын тийгизип, сейрек кездешкен өсүмдүктөргө кооптуу абал жаратышы мүмкүн деп билдирген.

Президент бакчаны Кыргызстандын «мурасы» жана ал мамлекеттин кайтаруусунда экенин айткан. Атамбаев лабораториянын курулушун башка жерге жылдырууну сунуш кылган.

5-август, 21:40. Төртүнчү өрт чыгуу

Ботаникалык бакта 7-августка караган түнү эсеп боюнча төртүнчү жолу өрт чыккан. Өрт чыгып жатканын саат 24:44 байкашкан. Өртөнүп жаткан жерге өрт кызматкерлери барып жыйырма мүнөттө өчүрүшкөн.

6-август. Бешинчи жолку өрт чыгуу

Ботаникалык бактагы дагы бир өрт 6-август күнү кечинде чыккан. Өрт анчалык чоң болбогондуктан бакчанын кызматкерлери аны өзүлөрү эле өчүрүшкөн.

7-август. Милиция Ботаника багын өрттөө версиясын текшерип жатат

Бир катар өрт чыгуулардан кийин милиция Ботаникалык бакта кимдир бирөөлөр тарабынан атайылап өрт чыгаруу боюнча версиясын текшере баштаган. Бишкек шаардык ШИИБнен Бишкектин түштүгүндө жайгашкан Ботаникалык бакчанын техникалык-өрт чыгуу себеби текшериле баштаганын билдирген.

Эгерде бакчаны өрттө фактысы далилденсе милиция кылмыш ишин козгойт. Кыргызстандын Кылмыш жаза кодексине ылайык, атайылап өрттө үчүн 8 жылга эркинен ажыратылат.

7-август, 16:30. Алтынчы жолу өрт чыгуу, өртөө боюнча күмөн саноолор күчөп жатат

Ботаникалык бакта 7-август күнү күндүзү эсеп боюнча алтынчы жолу өрт чыккан. Анда өрт өчүрүү кызматы бешке жакын жерде өрт чыкканын анынкташкан.

Бакча кызматкерлеринин айтымында, өрт чыккан жерде бензиндин жыты келгенин айтышкан. Экологдордун билдиргени боюнча Ботаникалык бактагы бир катар өрт чыгуулар лаборатория курууга байланыштуу болушу ыктымал.

7-август. Өкмөт лаборатория үчүн башка жер издеп жатат

Өкмөт лаборатория куруу үчүн Ботаникалык бактан тышкары башка жерди издөө чечимин кабыл алган. Ветлаборатория курууга башка жерди издөө чечими экологдор менен президент тарабынан айтылган сын-пикирлерден кийин кабыл алынган.

Бирок имаратты курууга кайсыл жер аныкталганы ачыкталган эмес, өкмөт бул туурасында кийинчерээк билдирээрин убада кылган.

8-август, 16:40. Жетинчи өрт чыгуу, ширеңкелер табылды

Ботаникалык бакта акыркы өрт 8-августта саат 16:40 чамасында чыккан. Бул ирет өрт административдик курулуштардын биринин жанындагы жашыл көчөттөрдү баскан.

Өрт бир эле өрт өчүргүч техниканын жардамы менен өчүрүлгөн. Ботаникалык бактын кызматкерлери өрт чыккан жерде күйгүзүү үчүн ыктымал даярдалган гезитке оролгон ширеңкелер табылганын билдиришкен.

Милиция дагы деле атайылап өртөө боюнча версияны текшерүүдө жана окуяга комментарий бере элек.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: