Теолог Кадыр Маликовго кол салуу боюнча айыпталуучу 18 жыл түрмөгө кесилди

Бишкектин Биринчи май райондук соту теолог Кадыр Маликовго кол салуу боюнча экинчи айыпталуучуну 18 жыл эркинен ажыратты. Мурдагы жылы анын шериги Алибек Тилек уулу 20 жыл түрмөгө кесилген.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык  Бейшеналиевдин мүлкүн мамлекеттин эсебине өткөрүү менен 18 жылга  күчөтүлгөн тартиптеги жатак абагына соттолду.

Анын шериги Алибек Тилек уулу 2016-жылдын мартында 20 жылга эркинен ажыратылып соттолгон. Башында аны өмүр бою эркинен ажыратышкан, бирок кийинчерээк адвокат өкүмдүн жеңилдетилишине жетишкен.

Бейшеналиев менен Тилек уулу 2015-жылдын 26-ноябрында Маликовго кол салышып электрошокер колдонуп бет тушуна бычак сайып кетишкен.

Маликов кол салгандардан качып кетүүгө үлгүргөнү менен кийинчерээк ал реанимацияга жеткирилген.

Кол салуу боюнча милиция «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон, кийинчерээк ал «Коомдук ишмерди өлтүрүүгө кол салуу» беренесине өзгөртүлгөн.  

Кыргызстандын атайын кызматы Бейшеналиев менен Тилек уулуна эл аралык издөө жарыялаган. Алар кылмыш жасоо боюнча сыртынан күнөөлү табылып, ал эми сот аларды камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Айыпталуучулар ошондой эле Сириядагы экстремисттик топко кошулуу аракети боюнча шектелишкен.

ИИМнин маалыматы боюнча, алар өлкөнүн аймагында куралдуу жаңжал чыгаруу үчүн Сирияга барууну пландашкан. Ал үчүн алар казак-кыргыз чек арасынан өтүп, андан кийин Түркияга учушкан.

Түркиянын укук коргоо органдары аларды 2015-жылдын 29-ноябрында Түркиянын Газиантеп шаарында Сирия менен чектеш чек араны кесип өтүү аракетин көрүп жатышкан учурда колго түшүрүшкөн.

Түркия соту 2016-жылдын март айында Алибек Тилек уулун Кыргызстандын атайын кызматынын талабына ылайык өткөрүп берүү токтомун чыгарган.

Ал эми Маликов өзү ага «Ислам мамлекети» террористтик уюмунун тарапташтары кол салганын билдирген. Кийинчерээк бул версияны УКМК дагы колдоп чыккан.

Кадыр Маликов коомдук ишмер жана Кыргызстанда исламды изилдөө менен алектенген дин таануучу.

Ага 27-ноябрда өлкөдөгү экстремизмге каршы аракеттерди көрүү боюнча маалымат жыйынын өткөрүү боюнча билдиргенден кийин кол салышкан. Ошондой эле ал «Ислам мамлекетинин» Кыргызстанга карата коркунучу тууралуу бир нече жолу билдирүүлөрдү жасаган.

«Ислам мамлекети» кыймылы Кыргызтанды кошкондо бир нече мамлекеттердин аймагында экстремисттик деп табылган. Ал туткунга түшкөндөрдү массага көрсөтүп жазалап жана өзүнүн мыкаачылыгы менен айрымаланат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: