УЕФА суперкубогунун финалында «Реал Мадрид» «Манчестер Юнайтедди» жеңди

SKOPJE, MACEDONIA - AUGUST 08: Sergio Ramos of Real Madrid lifts The UEFA Super Cup trophy after the UEFA Super Cup final between Real Madrid and Manchester United at the Philip II Arena on August 8, 2017 in Skopje, Macedonia. (Photo by Boris Streubel - UEFA/UEFA via Getty Images)

Ушуну менен мадриддик «Реал» экинчи жолу Европа кубогун утуп алды. Беттештин финалында «майлуулар» «Манчестер Юнайтедди» 2:1 эсебинде жеңди.

Чемпиондор Лигасынын кубогунун он эки жолку ээсинин жеңишке жете турганын көптөгөндөр билип жана күтүшкөн.

«Реал Мадрид» 2 – 1 «Манчестер Юнайтед»

24’ Каземиро                 62’ Лукаку       

56’ Иско

Сезондок даярдануулардагы матчдар каалагандай болбогонуна карабастан, «Реал» Суперкубокко мыкты даярданып келип жада калса каршылашын башкы жылдызы жок ута алды. Оюн аяктаганга чейин Роналду алмашууга чыга турчулардын катарында отурду.

Роналду “Манчестер Юнайтедде” алты мезгил ойноп өзүнүн биринчи "Алтын тобун" алган.

Матч абдан кызыктуу болуп топ киргизүү учурларына бай болду. «Реалдын» футболчулары эки жолу каршылашынын дарбазасына топ киргизгенге жетишишти, ал эми манкуниандыктар жада калса Кейлор Навастын бетме бет чыкканы менен мындай мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай жатышты.

Биринчи топ киргизүүгө чейин командалар теңдеш ойношуп абдан жигердүү соккуларга барып жатышты.

Беттештин 24 мүнөтүндө Каземиро оюндун эсебин ачты (Судья офсайд болгонун байкабай калды).

Качан гана «Реал» өзүнүн үстөмдүк кылууга шарты бар экенин түшүнгөндө оюнду футбол аянтынын борборуна сууруп чыгып «Барселонанын» ыкмасындай «тики-таку» жүргүздү.

Сүрөөнчүлөрдүн бактысына жараша бул нерсе узакка созулган жок, анткени мадриддиктерди бул нерсе тажатып жибергендиктен оюн мурункудай эле нукта өттү.

Ал эми 56 мүнөттө Иско «Реалдын» артыкчылыгын эки эсе жогорулатканда оюндун жыйынтыгы барына белгилүү болгондой эле түр жататты. Бирок «Манчестер Юнайтед» жеңишти берүүгө шашылган жок. Экинчи өткөрүлгөн гол «кызыл шайтандарды» ээликтирип алты мүнөттөн кийин команданын жаңы оюнчусу Ромелу Лукаку Кейлор Навастын дарбазасына гол киргизди.

Ромелу Лукаку алгачкы жолку оюнунда "МЮнун" эсеби үчүн гол киргизди.

Киргизилген гол манкуниандыктарга кубок үчүн ат салышууга үмүт берди. Эгерде соккуга чыгуу тилкесинде алдын ала ойлонулбаган аракеттер болбогондо «Манчестер Юнайтед» натыйжа чыгармак.

Уламдан-улам болгон кечигүүлөрдүн айынан калыс негизги убакытка 7 мүнөт кошту, бирок «МЮге» бул аздык кылды. Манкуниандыктар жеңишти алдырып, ал эми «Реал» тарыхта өзүнүн төртүнчү Суперкубогун жеңип алды.  

“Реалдын” футболиссттери кезектеги байгеси менен.

Жолугушуу (Македониянын) Скопье шаарындагы «Скопье-Арена» футбол аянтында болду.

Испандыктар тараптагы европа футболунун эки дөбөтүнүн жолугушуусунун жалпы статистикасы. 12 матчдын ичинен «Реал» 5 жолу утуп дагы бешөөнүн эсеби тең болуп чыккан. Акыркы жолу командалар июль айында Эл аралык чемпиондордун кубогунда жолугушкан. Анда «шайтандар» дарбазага жакын жерден топ тебүү менен жеңип алышкан.

УЕФАнын Суперкубогу мезгилдин биринчи жолку байгеси. Ал чемпиондор лига кубогунун ээси «Реал Мадрид» жана Европа Лигасынын жеңүүчүсү «Манчестер Юнайтед» тараптан уюштурулат.

Дароо эле беш күндөн кийин Испанияда өлкөнүн Суперкубогу үчүн «Реал менен Барселонанын» ортосунда эки матчдан турган беттеш болот. Ал эми бул матчга «майлуулар» башкы европа байгесинин ээси катары келишет.

Сүрөт: AFP/Getty Images

Которгон Алмир Алмамбетов