Үч кыргызстандык терракт уюштуруу боюнча соттолду

Сот үч кыргызстандыкты экстремизмге байланыштуу берене боюнча 12-15-жылга чейин соттоду. Атайын кызматтын версиясы боюнча, соттолгондор Кыргызстандын аймагында терракт уюштурууну камдап жатышкан.

Баткен облусунун соту үч кыргызстандыкты 12-15-жылга чейин күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүү өкүмүн чыгарды.

Сот аларды «Каракчылыкка даярдануу», «Жалданмачылык», «Ок атуучу курал жарактарды мыйзамсыз сатып алуу, өткөрүп берүү жана сактоо»,  «Жалган документтерди жасоо» жана «Улуттук, рассалык, диний кастыкты козутуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.   

Атайын кызматтын версиясы боюнча, соттолгондор Ислам мамлекети террористик уюмунун катарына кирип, Сирия менен Иранда аскерий даярдыктан өтүшкөн соң Кыргызстанда бир катар терракттарды уюштуруу үчүн жөнөтүлүшкөн.

Тергөөчүлөр соттолгондордон Калашников автоматын, граната, ар кандай калибрдеги курал жарактарды, байланыш каражаттары менен террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү китептерди табышкан.

Кыргызстанда терракттарды уюштуруу үчүн өмүр бою эркиндиктен ажыратуу же 18-20-жылга чейин түрмөгө камоо жазасы каралган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирия менен Ирактагы аскерий чыр-чатактарда 500гө жакын кыргызстандык катышууда. Кыргызстандын түрмөлөрүндө экстремизм жана терроризм боюнча 185 адам жазасын алууда.


Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: