Шайлоо-2017: БШК Текебаевди мамлекеттик тил сынагына жибербөө чечимин кабыл алды

Боршайкомдун жумушчу тобу оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил сынагын тапшыруусуна мүмкунчүлүк берүүдөн баш тартты. Тестти тапшырбаса Текебаев президенттик шайлоого катыша албай калат.

Шайлоо боюнча борбордук комиссиянын 10-августта өткөн жыйынында жумушчу топ оппозиционер жана президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагын тапшырууга киргизбөө чечимин кабыл алды.

https://www.facebook.com/100008856543162/videos/1716761268629075/

Тест тапшыруу президенттик кызматка талапкер катары катталуу үчүн сөзсүз түрдөгү шарт. БШК буга чейин тест тапшырууну 10-августка белгилеген.

Жумушчу топтун 10 мүчөсү каршы деп, ал эми дагы үчөө макул деп добуш беришти. Макулдугун бергендер: Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова жана Назарали Арипов.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, Боршайкомдун милдети «бардык талапкерлерге бирдей укук берүүдө» турат.

«Текебаев айыпталуучу, бирок азырынча соттоло элек, ошондуктан ал тест тапшыруу укугунан ажырабашы керек», — деди Журабаева.

Ошондой эле, ал жыйында УКМКга Текебаевдин тест тапшыруусу үчүн шарт түзүп берүүнү сунуш кылган.

БШКнын Текебаевге карата аракетсиздиги

Бишкектин райондор аралык соту 7-августта ТИЗОдо отурган президенттикке талапкер Текебаевдин мамлекеттик тил сынагын тапшыруусу боюнча маселеде БШК аракетсиздик кылып жатканын тааныган.

БШК өз кезегинде Жогорку сотко кассациялык арызын берген, бирок Жогорку сот Боршайком Текебаевдин «жарандык укугун камсыздоо» боюнча чараларды көрүүсү боюнча токтом чыгарып, райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Мурдараак БШК менен Биринчи май райондук соту ТИЗОдо отурган оппозициячыл Текебаевди сөзсүз түрдө берилчү мамлекеттик тил сынагына ким алып бараарын чече албай койгон.

Сот саясатчынын жарандык укугун камсыздоо боюнча чаралар көрүүлүсү керектиги боюнча БШКга карата чечим чыгарган, бирок Боршайком бул маселе сот аркылуу чечилиши керектигин айткан.

Текебаев октябрда өтө турган келерки президенттик шайлоого талапкерлердин бири. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны 2017-жылдын февраль айында кармаган.

Оппозициялык «Ата мекен» фракциясынын башчысы Текебаев коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алып, ага «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк берүүнү убада кылган.

Саясатчы менен анын тарапташтары бул ишти Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбоо укугунан ажыратуу үчүн атайын саясий буйрук деп сыпатташууда. Текебаев президент Алмазбек Атамбаев жүргүзгөн саясаттын башкы сынчыларынын бири.

Авторлошу: Алтынай Дүйшөналиева

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: