Соттун чечими чыккыча депутат Мусабекова КСДПдан чыгарылбайт

КСДП депутат Жылдыз Мусабекованы журналист Үпөл Анаркулова менен урушканы үчүн соттун чечими чыкмайын кызматтан четтетпейт. Мусабекова өзүнүн күнөөсү жок экенин сотто далилдей турганын билдирген.

КСДПнын 9-августта өткөн жыйынында саясий кеңештин мүчөлөрү Жылдыз Мусабекованы соттун чечими чыкмайынча депутаттык кызматтан кетирбей туруу чечимин кабыл алышты. Жыйында депутаттын «Алиби» гезитинин журналисти Үпөл Анаркулова менен урушканы партиянын жана Мусабекованын өзүнүн беделине жаман таасирин тийгизгенин белгилешти.

Мусабекова жыйында өзүнүн күнөөсүз экенин сотто далилдей турганын билдирди.

«Саясий кеңеш тарабынан Жылдыз Мусабекованын өзүнүн актыгын сотто далилдей турганы, жарыяланган аудио жазма монтаждалгандыгы жана жарандык укуктук түрдө акыйкаттыкка жетишээри жөнүндө билдирүүсү эске алынды», — деп билдиришти КСДПнын басма сөз кызматынан.

«Алиби» басылмасынын журналисти Үпөл Анаркулова 2-майда аны КСДПнын депутаты Жылдыз Мусавекова коркутуп жаткан аудио жазманы жарыялаган. Аудио жазмада депутат журналисттин «бетин түздөп» жана «10 эркектин алдына төшөп» бере тургандыгын айткан.

Урушка Анаркулованын «Алиби» гезитиндеги макаласы себеп болгон, анда журналист Мусабекова Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акиминин «крышасы» экенин жазган.

Анаркулова Башкы прокуратурага 12-майда арыз жазган. Мусабекова аудио жазма монтаждалган деп билдирген.

КСДПнын депутаттары бул окуя боюнча бир нече жыйын өткөргөн, бирок Мусабекова жыйындын бардыгына катышкан эмес.

Мурдараак фракциянын башчысы Иса Өмүркулов парламент эс алууга кеткиче депутат менен журналисттин ортосундагы чыр-чатакты карап чыгаарын убада кылган. Ал эми Мусабекованын жыйындарга катышпаганын анын ооруп жаткандыгына байланыштуу деген.

Бирок «ооруп» жатканына карабастан жыйындардын ортосундагы танапистерде Мусабекова Нарынга барып парламенттин пленардык жыйындарына катышып жүргөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: