Кыргызстан ФИФAнын рейтингинде бир сапка ылдыйлап, 128-орунду ээледи

Эл аралык футбол федерациясынын июль айындагы рейтингинде Кыргызстан 128-орунду ээлеген. Улуттук курама июнь айындагы рейтингине салыштырмалуу бир сапка ылдыйлаган.

Июль айынын жыйынтыгы боюнча Александр Крестининдин шакирттери июнь айына салыштырмалуу бир тепкичке ылдый түшүп дүйнөлүк рейтингдин тизмегинде 128-орунга чыккан.

Отчёттук мезгилде улуттук курама рейтингге таасир эте турган расмий жолугушууларды уюштурган эмес.

Августта Кыргызстандын улуттук курамасы Өзбекстан менен жолдоштук матч өткөрөт.

Оюндун жыйынтыгы боюнча Мьянмага каршы чыга турган курамдын акыркы тизмеги түзүлөт. Жыйынтык ФИФАнын рейтингине эсепке алынбайт, анткени матч эки тараптын сүйлөшүүсү боюнча белгиленген күндөн тышкары өтөт.

Кыргызстандын Азия Кубогу-2019 тандоо айлампасындагы атаандаштары  кийинки саптарга чыгышты: Макао жана Индия бирден баскыч ылдыйлап, 183 жана 97-орунду алышты. Ал эми Кыргызстандын атаандашы – Мьянма курамасы тескерисинче 157-орунга чыккан.

Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргызстан мурдагыдай эле (248 упай) менен 20-орунду ээлеген. Азия аймагында биринчиликте Иран турат, анын эсебинде 893 упай бар.

ФИФАнын версиясы боюнча бир айлыктын мыкты командасы болуп Намибиянын курамасы аныкталды, анткени ал дароо 20 сапка жогорулап 136-орунга чыккан. Ал эми бардыгынан да Кюрасаонун курамасы өзүн жаман көрсөткөн, себеби дүйнөлүк рейтингде ал 18 сапка төмөндөп кеткен.

Ошондой эле ФИФАнын биринчи ондугунда да бир аз өзгөрүүлөр болгон. Биринчи орунда турган Конфедерация кубогунун ээси Германия курамасын Бразилия сүрүп түшкөн. Андан кийинки орундарда Германия, Аргентина, Швейцария жана Польша турат.

Португалия эки катарга ылдыйлап алтынчы болуп калган. Чилинин курамасы орунун сактап турат. Андан кийинки катарларда Колумбия менен Бельгия турат. Ал эми алдыдагы ондукка Франциянын курамасы илинген.

ФИФАнын курама командалар рейтинги — команданын учурдагы салыштырмалуу күчүн аныктоого шарт түзгөн тутум. Ал ай сайын жаңыртылып турат.

Упай чегерүүнүн системасы туруктуу эмес жана көптөгөн жагдайлардан: атаандаш курама команданын күчүнөн, ФИФАнын учурдагы рейтингиндеги орундан, матчтын маанилүүлүк коэффициентинен жана башкалардан көз каранды.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: